www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайырбек Абдырахман: Чач өрүү

-Кызым Аян биздин үйдүн кичүүсү. Алты жашта. Аяндын эки агасы бар. Аларды кичинекей кезинде апасы мага таштап кетсе, "корс" деп коюп, эртең менен жумуртка кууруп берип, анан компьютерге жөнөтүп жиберип бала карагандан кутулчумун.

Бул жолу кызык болду. Апабыз бир туугандардын жакшылыгына кетип, а Аянды мен карап, даярдоочу мектебине бүгүн мен алпарышым керек. Мына эми көрүп ал ата дегендин кополдугун. Таң атпай туруп, "ата менин чачымды ким өрүп берет?" - деген жерде эсим ооп баштады.

-Кел кызым- деп, чакырып алып чачын ары тарайм, бери тарайм, кээде таракты катуурак тартып алсам, "ай, акырын" десе алдастай түшөм. Кызым, жөн эле минтип байлап койсо болбойбу? - десем, жок болбойт, катуу кылып өрүп, анан байлайбыз деп, мени үйрөтүп койот.

Ошентип көпкө чейин убара тарттым. Болгон жок. Мен өргөн чачын жактырбай, бир убакта бышактап ыйлай баштады. Анан мындай сунуш кылдым: жүр кызым азыр мындай кылалы, мен чачыңды сонун кылып тарайын, анан экөөбүз салонго барып ошол жереден сага причёска жасаталы - дедим. Бары бир кыз киши да, кичинекей болсо да сулуулук салону десең сооронот.

Экөөбүз анан сулуулук салонуна бардык. Чыгармачылыраак жаным тигил жердеги кыздарга айтып, телевизордогу дикторлордун чачындай кылып, төбөсүнө түйүп бергиле десем, алар андан ашыра чабышып, лак сээп причёскалап салышты.

Ошентип, Аяндын чачын жасатып алдык да кечке экөөбүз шаар кыдырдык. Чач менен жүрүп, даярдоочу мектепке кечиктик. (Барбай калдык.) Мен кишилерге жолугуп, иштеримди бүтөрөм, а Аян болсо, машинеде олтуруп алып, чипсы, шоколаддарын кемирип, апасы айылдап кетип, окуусуна барбай, бүгүн мага окшогон "аяз ата" менен калганына ыраазы...

Жакшы бала бакча болуп жатам го буйруса, деп жыргап койом, тигил момпосуй менен "киндер синдер" деген таттууларды алдырып алып, айда эркелеп, машинеде мазза кылып ойноп жүрсө. 
Эми минтип кечинде апасынан уруш угуп олтурабыз. 

- Ушундай кантип болсун эми! Тур бас, чачыңды жууйлу кызым!!!

Романтика бүттү.

Шайырбек Абдырахман

Булак: NazarNews.kg

Последние новости