www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшырууну онлайн - түз көрсөтүү режимин киргизди. Мындан сырткары ар бир жаран экзаменди өзү гана тапшыра тургандай биометрикалык жана персоналдык идентификация системасы иштей баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов “Азаттык” радиосуна кабарлады.

- Түз көрсөтүү тартиби киргизилгенден баштап экзаменди ийгиликтүү тапшыргандардын саны кескин кыскарды. Анткени, мында бир да киши курсанттардын жанына келип жардам берип же кеңешин айта албайт. Андан сырткары, жакында курсант өзү гана экзамен тапшыра алчу биометрикалык идентификацияны киргиздик. Курсант өзү гана барып тапшырат, анын ордуна башка бирөө экзаменге кире албайт. Экзаменде берилчү суроолор мурдагыдай 10 эмес, эми 20 болуп калды. Анын 18ине туура жооп берүүсү зарыл. Мисалы, 16-январда Бишкекте 49 курсант экзаменге кирсе, анын 47си кулап калган.

Жол кыймылынын коопсуздугуна байланышкан абалды жөнгө салуу боюнча токтоосуз чараларды иштеп чыгууну Коопсуздук кеңеши былтыр өкмөткө тапшырган эле. Мындан сырткары жолдогу кырсыктарды азайтуу үчүн айдоочулук күбөлүктү оңду-солду берүүнү токтотуу зарылдыгы, бул тармактагы коррупцияны жоюу тууралуу маселелер көтөрүлүп келген.

Эскерте кетсек, жылына жарандарга жүз миңдеген айдоочулук күбөлүк айдоочуларга тапшырылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости