www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урматтуу мекендештер!
Кадырлуу калайык калк!
Кайран элибиз кан какшап айтып гана тим болбостон, жашоо-турмушубуздун оңолушу үчүн, адилет замандын келиши үчүн талбай күрөшүп келет. Болбой эле партиялык-коррупциялык түзүлүш өзүнүкүн бербей, эл менен кеңешпей жогортон бир жактуу таңууламай саясатын улантууда. Эки элдик революциянын талаптары аткарылган жок. Бийлик өзүнө ылайыктап жүргүзгөн конституциялык реформа жыйынтыгында коомду жакшы жагына өзгөртүүгө жараксыз болуп чыкты.
Баш мыйзамдын 52-беренесинде турган Элдик Курултай институту жөнүндө мыйзам кабыл алына элек, ачык көз карашын билдирген инсандардын артынан саясий куугунтук күч алды, “Кумтөр” маселеси чечилбеди, Ош коогалаңынын чыныгы күнөөкөрлөрү табылып жазасын алган жок, бир канча адамдын өмүрүн алган Дача Судагы кырсык жабык бойдон турат, кадр саясаты элдин эмес, бир адамдын кызыкчылыгына жараша жүрүүдө, элди жумуш орундары менен камсыздап, экономиканы көтөрүү аракети жетишсиз болууда, мамлекеттик коопсуздук жана чек ара маселелери Кыргызстандын кызыкчылыгына ылайык чечилбей келүүдө.
Эгемендик жылдарынан бери уланып келе жаткан системдик кризистин себептери жана кесепеттери коомдо кайрадан чыңалууну пайда кылууда. Шайлоолор, революциялар болуп, өлкө башындагы адамдар алмашканы менен коомдук-саясий башкаруу түзүлүш, мамлекеттик идеология түк өзгөрбөгөндүктөн, элдин жашоо турмушунда эч кандай жакшы жакка жылыштар байкалбайт.
Акыркы мезгилде мындай акыбал менен макул эместигин билдиришкен миңдеген мекендештер Туруктуу Элдик Кеңешке Элдик Курултай өткөрүү демилгеси менен чыгышууда.
Кыргызстандагы түзүлгөн коомдук-саясий, социалдык-экономикалык кырдаалды жана коомдук пикирди эске алуу менен Туруктуу Элдик Кенеш өзүнүн түзүлгөндүгүнүн бир жылдыгына карата азыркы колдонуудагы Конституциянын 52-беренесине таянып, март айынын аягы, апрелдин башында күн тартибинде -Эл тагдыры-Өлкө тагдыры: эки элдик революциянын талаптары жана сабактары- деген маселени талкуулаган Жалпы Элдик 3- Курултайды Бишкек шаарында өткөрүүнү сунуштайт.
Кайдыгер эмес баардык тараптарды биргелешип иш алып барууга чакырабыз жана жакында өтө турган Уюштуруу комитетин түзүү жыйынына карата ой –пикирлерди, сунуш-демилгелерди күтөбүз.
Туруктуу Элдик Кеңеш –ТЭК
Бишкек ш. 17-январь, 2018-жыл
Булак: NazarNews.kg