www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ден соолугун дарыгерлер текшеришти. Эми анын жыйынтыгы менен саясатчыны кадимки ооруканага чыгаруу же чыгарбоо тууралуу маселе чечилет. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттыкка” кабарлады:
- Абакка сырттан атайын адистешкен эки дарыгер келип Өмүрбек Текебаевдин ден соолугун карап кетишти. Текебаев ошол жерде эле дарыланса болобу же башка ооруканага барып стационардык дарылануудан өтүшү керекпи, ошол дарыгерлер чыгарган жыйынтыкка жараша болот.
Он чакты депутат Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигине мурдагы кызматташы Өмүрбек Текебаевди кадимки ооруканага которууну өтүнүп, 11-декабрда кайрылуу жиберген. Экс-депутат менен абакта жолугуп чыккан саясатчылар Текебаевдин кан басымы көтөрүлүп, кыйналып жатканын байкашканын билдиришкен болчу.
Булак: NazarNews.kg