www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Колунда сыйкыр таягы бар фея кемпирди элестеткен Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова эми үчүнчү ирээт 10-сентябрда өтө турган Жогорку Кеңешке бир мандаттуу Ленин райондук шайлоо округунан болчу шайлоону ушуну менен бүттү кылса экен. Дегенибиз, мамлекеттин каражатын кайра-кайра бир жерге шайлоо өткөрүп чача бербей үнөмдөсө деген тилек.

Негизи буга дейре болгон президенттик, парламенттик шайлоолорду сыйкыр таягы бар фея кемпирдей сүф-сүф кылчу эле. Ушул Ленин районуна келгенде эле сыйкыры таасир эптей жатат окшойт. Же ыш жыттанып калган кабинетинде сыйкыры иштебей тамекиге ууланып, тумчугуп калып жатабы белгисиз.

Айтор, баягыдай эмес, баягыдай болсо аягыдай эмес деген абалда шалдырап эле отурат. Иштегенге энергиясы калбаса, жаштарга орун бошотуп берсе жарашмак, өзүн да, башкаларды дагы кыйнап тырмышпай.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости