www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шаки кайда? Эмнеге отчет бербейт?

2020-жылдын ноябрь айында Улуттук олимпиада комитетинин (УОК) президенттик мөөнөтү бүткөн. Буга чейин отчеттук-конференциясы өтө элек. Эске сала кетсек, азырынча биздин УОКтун президенттигин алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримов жетектеп келет. Сураштыра келсек, бу жигитти көргөн-билген жан жок экен. Кыргызстандабы же чет мамлекетте качып жүрөбү? Белгисиз. Эгер биздин өлкөдө болгондо эбак эле УОКтун отчеттук-конференциясын өткөрүп, кайра шайлоо кылмак. Мындай ишке эч ким жолтоо болмок эмес. Демек, Шаки Кыргызстанда эмес өңдүү. «Куйругун» кыпчып бир жерде жүрөбү же өзү чыгарган «оттуу суудан» башы арыла албай «запойдобу»? Японияда өтө турган олимпиада оюндары көз ачып-жумгуча келип калат. Бул жакка биздин спортчулар ким менен барат? Шакинин үстүнө «кара булут» айланып калган өңдүү. Жаңы президент бу жакты карап коёбу? Шайлоодогу үгүт иштеринде жакшы сөздөрдү арнады эле. Эмнеси болсо да кутө туралы...

Булак: Азия News гезити

 

Последние новости