www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Генерал Өмүрбек Суваналиев кайсы кызматка барат?

Президенттик шайлоо өнөктүгү башталгандан аягына чейин Садыр Жапаровдун оппоненттери, айрым саясий күчтөр катуу сындашып, соккуларды жасап жатышты. Үстөмдүк кылгандар арбып, жалпы кырдаалды солкулдатууну эңсегендер да байкалган.

Мындай шартта Өмүрбек Суваналиев калыс сөзүн айтып, Садыр Жапаровдун артыкчылыктарын ачыктап, элдин колдоосуна арзый турганын, туруктуулуктун келгендигин камсыздай алаарын жашырган эмес.

Ошентип, шайлоо күнүнө чейин реалдуу картинаны ЖМКлар аркылуу билдирип турду. Эң башкысы, генерал Суваналиев башкалардай кошомат кылуудан бийик болуп, карапайым калктын мүдөөсүнө жараша Садыр Жапаровду колдоду. Ансыз да саясий элита ойноктоп жаткан жагдайда, башкы талапкерге «Комиссар Каттанинин» дем бергени кубантарлык көрүнүш эле.

Кызыгы, саясатчылар, эксперттер алдын ала кызыгышып, Суваналиевдин кайсы кызматка бараарын билгилери келишет. Жазга чейин ушул жагынан жаңылыкка күбө болушубуз мүмкүн.

Булак: Азия News гезити

Последние новости