www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча 75 адамдын каты парламентке кантип түшкөнү тууралуу 2-апрелде айткан сөзүндө бир сырдын бетин ачты.

Төрага өз сөзүндө “кат Жогорку Кеңешке келип-келе электе эле бул жактан мурдагы төраганын жардамчылары тосуп алышып, колдон-колго өтүп, эч кандай мыйзамдуу процедуралары сакталбай профилдик комитетке тапшырылганын” билдирип, бул боюнча ИИМ укуктук баа бере турганын кошумчалады.  

Муну менен төрага аталган чырлуу окуяга байланыштуу буга дейре мандаттарын тапшырышкан экс-төрага Нурланбек Шакиев менен комтитет башчысы Курманкул Зулушевге жакынкы күндөрү кылы иши козголушу мүмкүндүгүн ишарат кылды.

Демек, бул эки үлкөн каттын айынан ИИМ тарабынан кылмыш иши козголуп камакта отурушкан коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков, мурдагы Айыл чарба министри Эмилбек Узакбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаев, мурдагы вице-премьер Аалы Карашев, Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдор сыяктуу абактан орун алышы ыктымал болуп турат.

Последние новости