www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө сасык тумоо курчуп жаткан учурда дары-дармек баасын көзөмөлгө алуу керек. Бул тууралуу төрага Нурлан Шакиев .үгүн, 21-декабрда парламенттин  жыйынында билдирди.

"Бүгүнкү күндө өлкөдө оорулар күчөп, сасык тумоонун бир нече түрү жүрүп жатат. Жарандардын, элибиздин саламаттыгы чоң маселе болуп турат. Ушундай учурда бардык дарыканалардагы дары-дармектин бааларын, жетиштүүлүгүн Саламаттык сактоо министрлиги, өкмөт көзөмөлгө алыңыздар. Спекуляцияга жол бербеш керек", - деди спикер Шакиев.

Белгилей кетсек, буга чейин  ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти соңку бир аптада сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция 44 миңден ашык кишиден аныкталганын билдирген.

Мындан сырткары, балдар арасында ооругандар көбөйгөнүнөн улам Кыргызстанда мектептерде 15-декабрдан 24-декабрга чейин карантин жарыяланып, онлайн окутуу башталган. 

Ал эми кечээ, 20-декабрда Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө сасык тумоо менен ооругандар азайбай жатканына байланыштуу Билим берүү министрлигине мектептеги карантинди узартууну жанан бала бакчаларды жабууну сунуштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости