www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарык дүйнөнүн жарык күнү атып, Түркстандагы Пишпек ойозунда топ болуп калат. Мен-мен деген манаптар Жандыралы Колпаковский келаткан жолго чукул  күндүн көзүн алган жаркыраган  Ак өргөөлөрдү тигип кол куушуруп тосуп турушат. Бир гана Шамен окчунураак жерге комсоо боз үйүн тиктирип, жай чарба жаткан экен. Бир кезде трашманке минип гүбүрнатыр Колпаковский көрүндү дейт, баягы кол куушургандар биздикине келип түшүңүз деп ийилип баратат дейт. Гүбүрнатыр Колпаковский заңгыраган Ак өргөөлөрдөн кыйгач өтүп, түз эле барып четирек комсоо турган Шамендин боз үйүнө барып түшүптүр.

Сарбагыш уруусунан тынай уругунан Сооронбай датканын уулу 1865-жылы туулган Дүр жаңы заман агымын эрте түшүнгөн. Токмоктогу топко баратышкан Шамен баш болгон кочкорлуктар Дүр манаптын үйүнө барып калышат. Ага чейин биринен-бири сала Чүйдүн сый-сыпатын, коноктордун аппак шейшептерде  жаткызып, бешбармакты кесмелеп бере тургандары айтылат. Дүрдүн конок үйү көркөм экен.  Алты канат ак өргөөнүн эр жагынан эпчи жагына дейре жолборстун, илбирстин, карышкырдын, сүлөөсүндүн терилери илиниптир. Жердеги шырдактардын үстүндө аюу талпактары салынып, жайыл дасторкон  жайылыптыр. Дасторкондо эмнелер гана жок, алма, өрүк, дарбыз, коон, жүзүм, алча аттуу мөмө-чөмөлөр мөлтүрөп, жегиңди келтирет.

Дүр Шаменди ханды тоскондой тосуп алыптыр. Шамен менен келген он чакты кишини жүз кишини  тосуп алгандай мамиле кылынат. Шамен жактырбаса да коноктордун көңүлүн ачмакка ырчы-чоорчулар куюлушуп келишти. Шамен менен келгендер кудум бейиштин төрүндө отургандай сезишет. Аппак өргөөдө Шамен төрдө жайкалып, сабаада кымыздар чайпалып, Шамен ата-бабалардын кебин салып отурат. Убакыт өтүп, эт бышып, тайдын эти тартылды. Устукандар мүлжүнүп, жез чараларда күл майда тууралган этке кесме аралашкан бешбармак ортого коюлду. Ал кезде Чүйдөн башка тараптарда этке кесме кошулчу эмес экен. Коноктор ашка колун салышты.

Шамен бешбармактан бир гана жолу сугунуп, эмнегедир кабагын бүркөп, тасмалдын четине колун аарчыйт да, башкалардын тамак жешин күтүп, жай отуруп калат. Жалаң чүйгүн эт жеген сыйлуу коногуна камыр коштуруп, эт тарттырганына өзүнө өөн туюлган Дүр манап сынып, эртесинен баштап камыр салынган бешбармакты жаңыртып, камыр коштурбай  жалаң эт менен бешбармакты тарттырып калыптыр.  Убакыт өтүп жатар маалга келгенде кочкорлуктар конок каадасы кылышып, үй жанында кобурашып турушат. Бир маалда төшөк салынып бүтүп келиндер конок үйүнөн чыгышат. Шамендин кеңешчиси ак шейшептүү жууркандарды көрүп, алдырып салат да, төөнүн көзүнүн жүнү ныкталган, Индистандын жибеги капталган жуурканды салдырат. Ак шейшептер алынып, ал айткандар салынат.

Топ бүтөт, Шамен жигиттери менен кайтып баратканда алар эмне үчүн камыр кошулган бешбармак жебей, аппак шейшеп салынбай жатканына кейип -кепчип баратышат. Ошондо, Шамен түшүндүрөт, «Бирөөнүн тоогун жесең, тоок байла» дегендей, Дүр манап бизге конокко келсе, аларга окшоп ак буудайдын тегирменден чыккан унунан жууруп, чачтай ичке кесилген кесмелеп эт тартып, ак шейшептүү жууркан жаба албайбыз. Эми Дүр үйгө келсе камырсыз эт тартып, ак шейшепсиз жууркан жаба берсек болот. Ун менен шейшепти сатып алса деле болот дечи, бирок камырды ипичке кылып кесе алабызбы? «Коногум, өзүңдүн конок үйүңдү ойлоп отур» - деген ушул деген экен дептир Шамен. 

Солтонун мыктысы Өзбек Орусияга караган соң капиталисттик түзүлүштү биринчилерден туюп, азыркыча айтканда бизнести алгач баштаган. Токмокко чакырылган топто, ал Шамендикине түшүп, андан жакшы бата алууну күдөр кылат. Солтонун манаптарынан көп эле сый көрүп жүргөн Шамен, мага да чечилип батасын берер деген үмүтү тутанып турат. Жакын тууганы Байтик бүт солтону башкарып турса, Өзбек өзү кыргыздын эң бай адамы болсо, жакшы бата алса, төгүлүп –чачылып кетмек беле. Жакшы бата берсе аттап-тондоп, абдан чоң сый менен Кочкорго узатууну чечет Өзбек баатыр. Шамен сакалдуу катары көп эле адамдарга батасын берип жүргөн. Анын өзгөчө баталары да боло турган. Өзбек баатырдын жакшы бата үмтөтүп келгенин сезет. Мейманчылык соңунда Өзбек баатыр оюндагы тилегин айтып, Шаменден бата берүүсүн өтүнөт. Ошондо Шамен кыбыланы карап, алаканын жайып:

-           Өлүп көбөйгөн мал берсин, ооруп айыккан баш берсин, омийн. –деп эки ооз гана сөз менен бата берет.

Өзбек баатыр аттанып, топко келген тууганы Байтик баатырдыкына түшөт. Узагыраак, жакшыраак бата үмтөткөн Өзбек баатыр Шамен чын дилинен бата бербеди деп нааразы кебетесинде айтат. Байтик баатыр Шамен кандай бата бергенин сурап калат. Өзбек болсо Шамендин берген батасын төкпөй –чачпай айтып берет. Ошондо Байтик: “Бата деген бир гана жолу берилет, бата сатылбайт. Шамен сага эң жакшы батасын берген экен” – дептир.

Айткандай ошол жылы кыш өтө оор болуп, ал эмес Чүйдө жут болуп малдын бары кырылат. Бир жагынан элди жугуштуу кара тумоо оорусу каптайт. Өзбек баш болуп бүт үй –бүлөсү бул дартка чалдыгышып, бирок эч бири өлүмгө учурабаптыр. Ошондо Шамендин берген: “Өлүп көбөйгөн мал берсин, ооруп айыккан баш берсин,” – деген батасы түз тийгенин Өзбек баатыр сезген экен. Өзбек баатыр жай келип күн жылыган соң солтонун мыктылары менен Шамендикине барып, кечирим сурап, сыйын көрсөтүп кайтат. Байтик менен бир учурда каза болгон Өзбекке Ташкенден темирден күмбөз курулуп, алынып келип коюлган, ал эми Байтиктиктин күмбөзү чийки кыштан куюлуп, экөө тең Байтик айылы менен Воронцовкага кеткен жолдун кесилишинде.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

 

Последние новости