www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дары-дармек департаментин Гулмира Шакирова башкара албай калгандыгы айтылууда. Жаңы салынып бүткөрүлгөн лабораториядагы жабдыктар да кайсы бир себептер менен иштебей, дарылар жеке лабораторияда текшерилип жатат деген маалымттар бар. Бул мекемени ашыкча чыгымга учуратышы мүмкүн. Адистердин баамында, экономист жана бухгалтердин кесиби бар. Шакирова бул орунга келгени департаментте иш жүрбөй, интригалар күчөп кеткен. Жетекчинин медициналык билими жок экендиги, дары тармагынын тамтыгы чыгып жаткандыгы чоңдорго деле белгилүү экен. Бирок Гулмира айымдын колдоочусу президенттик аппарата иштеген Алмамбет Салиев экендиги тар чөйрөдө айтыла баштады. Социалдык (“Фейсбук” ж,б.) желедерде Салиев менен Шакирова айылдаш, көздөй тааныш экендигин да жазып жиберишти.
Ошондуктан бул жетекчиге эч кимдин алы келбей, сүйлөгөндөн кооптонуп, ишиндеги кемчиликтерге көз жумуп коюл жатышыптыр. Айтор ага президент же премьер-министрден башка кишинин алы жетчүдөй эмес. “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” дегендей башка мекемеге билими, тажрыйбасы туура келбеген адис дайындалып калса, балким жаңылыштык деп баа берет элек. Бирок саламаттыкты сактоо тармаганын негизги бир бөлүгү болгон дары-дармек департаментине бухгалтерди жетекчи кылып коюп, кантип санаасы тынч жүрүшөт деген суроо туулат? Себеп дегенде бул жерде калкдын саламаттыгы деген орчундуу маселе бар. Өкмөт башчысы мекемеге медицинаны, дары саясатын терең түшүнгөн адамды алып келбесе, Шакирова билген боткосун чалчудай болуп калды.
Булак: "Фабула"