www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, Бишкек шаарынан 20 жаштагы кызды алып качып бара жаткан 29-30 жаштар чамасындагы эркек киши аны милиция бөлүмүнүн имаратында бычактап салды, деген маалымат тараган. NazarNews сайты жеринен таанышып, окуянын чоо-жайын билдик.

“Кыргызстанда кыз ала качуу боюнча адам урдоого барабар деп атайын мыйзам иштелип чыккан. Милиция эки кыз менен жигитти эки башка кармашы керек эле. Себеби, кызды ала качып бара жаткан жигиттин үстүнөн, алдын-ала укук коргоо органдарына билдирүү берип, анан кызды алып качып бара жаткан унааны укук коргоо органдары кармап жатпайбы? Бул эмне деген шалаакылык. Баарынан дагы кызды өлтүрүп, мыкаачылык менен кордоп, көкүрөгүнө атайын бир предмет менен “М+Б” деп оюп жазып, 6 жолу бычак менен сайып өлтүргөн. Башын көрдүңөр, каттуу сокку жегенден, баш сөөгү ажырап кеткен. Эмне үчүн милициялар, экөөн бир кабинетке калтырып камап коёт. Демек милицияларга тиги ала качып бара жаткан жигит акча берип койгон. Бул жеткен наадандык. Мыйзамды түшүнүп-билип туруп, милициялар ошол кызды өлтүргүчө карап тура бердиби? Жакында тойго даярданып жатканбыз. Сиңдимди, башка эле жигитке кудаалап койгон болчук. Минтип, 20 жашында көшөгө бетин көрбөй кете берди”, - деп ыйлады маркумдун эжеси Гүлайым.

Белгилей кетсек,Турдаалы кызы Бурулай 1998-жылы туулган. Кыздын денесине 5 жолу бычак сайылып, жеринен каза тапкан. Баш сөөгү ажырап кеткени сүрөттө даана байкалып турат. “Кызды бычактаган адам өзүнө бычак шилтеп, оор жаракат менен аймактагы ооруканага жеткирилген”, деген маалыматты кыздын ата-энеси четке какты. Жабырлануучулар, укук коргоо органдарын күнөөлөп, мыйзам чегинде жооп берүүсүн талап кылды. Ошол жерден 4 опертоптун балдары качып кеткенин кошумчалады.

Каза болгон кызды, таластык жигит Бишкек шаарынын тургуну 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качкан. Бул тууралуу маалымат алган Биринчи май РИИБдин кызматкерлери алар бара жаткан унааны Бишкек–Ош унаа жолунда токтоткон. Милиция кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүү үчүн аларды жакынкы милиция бөлүмүнө алып барышкан.

Эске сала кетсек, Чүй ОИИБ: «Кечээ, 27-майда саат 22:00 чамасында Биринчи май РИИБге 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып кетишкени тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты боюнча Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы милиция кызматкерлерине тапшырма берилген. Андан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИБдин кызматкерлери тарабынан 29 жаштагы Б.М. башкарып бара жаткан «Субару-Аутбэк» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, айдоочусу жана анын ичиндеги жүргүнчүлөр — 30 жаштагы С.А. (эркек киши) жана 20 жаштагы Т.Б. Жайыл РИИБге жеткирилген. РИИБдин кызматкерлери керектүү кагаздарды толтуруп жатканда 20 жаштагы кыз жарандарды кабыл алуу бөлүмүндө отурган. Бир аз убакыттан кийин ал бөлмөгө Б.М. (кызды ала качып бара жаткан киши) кирип, ичинен бекитип алган. Ал бөлмөдө уруш-талаштын дабышы угулуп, эшикти талкалап кирген милиция кызматкерлери кызды канга боёлгон абалда табышкан. Ал эми ага кол салган киши өзүнө кошо бычак сайып, алар дароо оорукана жеткирилген.", деген маалыматты тараткан.

Төмөндө маркумдун эжеси Гүлайым эженин маеги.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости