www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дары-дармек департаментине кесиби экономист Гүлмира Шакирова аттуу айым дайындалган күнү коомчулулук муну кадр саясатындагы эң чоң катачылык катары кабыл алган. Себеби медицина бул - адам өмүрү. Андай жерге кесипкөй кадрлар гана иштөөгө тийиш. Болбосо, медицинанын тили менен айтканда, бир ката экинчи катага жол бериши толук мүмкүн.
Айтор, Шакирова жетекчи болгондон бери контрабанданы мындай коёлу, эл аптекадагы препараттардын сапатына ишенбей калды. Өкмөт департаменттин иши жүрүшпөй, тармак катуу аксап жаткандыгын кеч болсо да байкады шекилдүү. Учурда Шакированын ордуна Улан Кундашев деген фармацевт келе тургандыгын өздүк булактарыбыздан кабарлашты.
Адистердин баамында, Кундашев Медакадемияда да иштеген, фармацевтика боюнча бир топ жылдык тажрыйбага ээ дешет. Айтымдарында, премьер-министр да бул адамга ишенич артат экен. Бул жерде «чымчыкты сойсо да касапчы сойсун» деген эле кеп. Ар ким түшүнгөн жумушун кылганда гана муз ордунан козголот. Балким экономисттин ордуна фармацевт келсе, Шакирова арабасын тарта албай койгон. Дары-дармек департаменти мындан ары ийгиликтүү иштеп кетет эле деген үмүт.
Андыктан Гүлмира айым да өзү сүйгөн бухгалтердик ишин кылып, медицинанын тилин билген кесипкөйлөргө жол бошотсо өзүнө да, карапайым калкка да алда канча пайдалуу болмок.
Булак: “Фабула”