www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровдун иштөө тартиби шаардыктарды жүдөттү. Ыкшоо неме жедеп ордунан козголгончо көп маселелер, биринин артынан бири үйүлүп калууда.
Суу жок. Таштанды чыкпайт деген маселени шаардыктар жайлата айта берип чарчады. Суу жок деген көйгөйдү айткан айрымдар камалып дагы кетишти.
Мына коомдук транспортторду накталай акча эмес, электрондук "Тулпар" картасына өткөрүп башаламандык жаратышты. Картасы жок, же накталай төлөй алышпай шаар тургундары аябай чайналышты.
Эми болсо бир канча убактан бери 1500 автобус алып келебиз деп айтып түгөтө албай мактанып жатышты эле, автобустар келген менен коё турган орун даяр эмес, же айдоочулар жок, линиялары белгилүү эмес, айтор баягы эле баш-аягы жок башаламандык. Эффективдүү иштеген системаны жолго коё албай койду. Шалдырап эле эмне кылып жатканы белгисиз.
Булак: NazarNews.kg