www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дастан Далабаевич, биздин жетекчилер элди балээден сактап калалы деп жаны төрт чарчы болуп жатат. Мындай пикирин жарандык активист Шамил Жалилов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
«Чими парламенттин бир Дастан Бекешев деген киргиз депутаты бар. Былтыр пандемия учурунда эч жеринен үн чыкпай житип жоголду эле. Быйыл болсо президентти, саламаттыкты сактоо министрлигин сындап какшыктап балакеттей статья жазыптыр. Ушул сөзүнө жараша вирустан жапа чеккен элге бир пайдасы тийген болсо ии дейт элек. Качан болсо капталдан чыкканы чыккан.
Дастан Далабаевич, биздин жетекчилер элди балээден сактап калалы деп жаны төрт чарчы болуп жатат. Эгерде колуңуздан эч нерсе келбесе жок дегенде оозуңузду жаап отуруңуз элди ичинен иритпей. Кыргыздын башчылары, тапкан дарысы, эли жакпаса кетиңиз Казакстанга. Эмне кыласыз сүйбөгөнгө сүйкөнүп. Сизди да эч ким деле жактырбайт. Калп эле элдин кыжырын кайнатып көпчүлүктүн назарына чыга бербеңиз. Сизге окшоп тетири сийгендерибиз ансыз да толтура!», - деп белгилеген Шамил Жалилов.
Эске салсак, буга чейин депутат Дастан Бекешев Саламаттыкты сактоо министри «коронавируска чалдыккандарды уу коргошун менен дарылайбыз» деген билдирүүсүнө сына айтам деп өзү элдин сынына кабылган.
Булак: NazarNews.kg