www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Уу коргошунду байыркы грек врачы Гален, Орто кылымдагы Ибн Сина да табылгыс дары катары пайдаланышкан”, - деди бүгүн, 19-апрелде NazarNews.kg маалымат агенттигине элдик дарыгер Хашим Зайналиев.
- Хашим мырза, Саламаттыкты сактоо министри түз эфирде уу коргошун ичти. COVID-19ду жеңгенге чындап эле уу коргошун жакшы жардам береби? Дарылык касиети күчтүү делген өсүмдүктүн курамында эмнелер бар?
- Сиздин сурооңузга жооп берүү үчүн бул өсүмдүктүн химиялык курамына токтолобуз. Бул өсүмдүктүн тамырында химиялык түзүлүшү өтө татаал болгон органикалык гетероциклдүү келген алкалоиддерден турат. Ал алкалоиддер аконитин, тирамин, допамин деген уулуу заттарды камтыйт. Бул заттар уу коргошундун тамырынан-щелочтук чөйрөсү бар эритмеде бөлүнүп чыгат.
Уу коргошундун тамырындагы - аталган заттар, фармакологиянын тили менен айтканда негизги таасир этүүчү заттар болуп эсептелет. Уу коргошундун тамырынан кургак массага эсептегенде 1/40 катышта кубаттуулугу 40 жана 70% пайыз болгон суу-спирттик эритмесинде даярдап, минималдуу тамчы түрүндө 4 тамчыдан 36 тамчыга чейин күнүгө 3 маал тамактануудан кийин төмөнкүдөй оорууларга колдонулат. Дем алуу жолундагы эпителийлик катмарда пайда болгон фаррингит, тонзиллит, ангина, ларингит оорууларды пайда кылган жараларды дарылоодо - бактерициддик дары катары пайдаланылат. Көрүп турганыңыздай, ковид вирусу дем алуу жолундагы эпителийсинде жашап, ошол жерден патология же ооруу пайда кылууну баштайт. Эгерде кайсы бир киши, ковид вирусуна чалдыкканга чейин жогорудагы аталган өнөкөттүк ооруудан жапа тартып келген болсо, анда уу коргошундун эритмесин көрсөтүлгөн тартип боюнча ичсе, ковид вирусу ооруу пайда кыла турган дем алуу жолунун эпителийсиндеги жаралар жакшырып, ооруунун ырбап кетүү коркунучун жоготот. Тагыраагы, ковид менен ооругандарды дарылоодо уу коргошундун эритмеси - антибиотиктин ордун алмаштырат.
- Уу коргошундун дарылык касиетине ишенсек болобу?
- Албетте, ишенсек болот. Ковид-19 илдетине чалдыккандардын дем алуу жолундагы патогендик түрдөгү бактериялардын пайда болуусун төмөндөтөт.
- Уу коргошунду ковидге кабылгандардын баары иче берсе болобу же башка илдеттер менен жабыркагандардын дартын козгоп жибереби?
- Эгерде бейтап ээн баштыкка жана өзүм билемдикке берилбесе, табыптардын көрсөтмөсүндө ичсе, эч кандай зыяндуулугу болбойт. Тагыраагы, бейтаптын организми зыян тартпайт.
- Уу коргошун күндүн темасына айлангандан бери түрдүү кептер айтылып жатат. Бул өсүмдүк COVIDден башка дагы кандай илдеттерди жеңүүгө жардам берет?
- Дарылык касиети күчтүү өсүмдүк жогорудагы аталган ооруулардан сырткары теридеги ар түрдүү жараларды айыктырууга жардам берет. Ошондой эле уу коргошун менен менен кыргыз табыптары ракты, циррозду, бөйрөк гломерулонефритин жана теридеги ар түрдүү жараларды дарылоодо пайдаланышкан.
- Уу коргошунду башка мамлекеттеги элдик дарыгерлер дагы дары катары колдонушканбы?
- Албетте, колдонушкан. Маселен, байыркы грек врачы Гален, Орто кылымдагы Ибн Сина да табылгыс дары катары пайдаланышкан. Ал тургай Ибн Синанын "канон врачебной науки” - деген китебинде да уу коргошундун дарылыгы тууралуу жазылган.
- Бирок, эмнегедир дарылык касиети жогору болсо да, Саламаттык сактоо министрин “уу коргошун менен дарылайбыз” дегенин апендиге окшоштургандар болуп жатат го?
- Бул жерде министр - өзүнүн билимин тайкылыгынан улам, ковид менен ооругандарды дарылоодо кандай жол менен жана кантип ишке ашырууну коомчулукка түшүндүрө албай шылдың болду. Ошон үчүн эл муну башкача кабыл алып, шакаба чегип жатышат.
Булак: NazarNews.kg