www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кыргызстанда ар бир чөптүн дарылык касиети бар”, - деди NazarNews маалымат агенттигине элдик даарыгер Дүйшөн Чомоев.
--“Негизи дарыканаларда сатылып жаткан дары чөптөр Кыргызстанда жасалат. Бирок алар табигый эмес. Себеби аларга химикаттар көп кошулат. Ошондуктан таза эле чөптөр менен дарыланган туура. Мисалы чөптөрдү дагы туура сакташ керек. Айрымдарын суука калтырбай, же күнгө өтө кургатып жибербеш керек. Аларды убагы менен терип алып, атайын өзүнүн нормасы менен сактоо зарыл. Базарлардагы чөптөр чаңда турат, аларды көпкө турса ден-соолукка таасир деле бербейт. Ошондуктан ар бир чөптүн өзүнүн мүнөздөрүнө жараша сактап, кармоо абзел. Кыргызстанда ар бир чөптүн өзүнүн дарылык касиети бар. Билсең сөзсүз бир ооруга шыпаасын берет. Мен жайында 3-4 ай тоодо чөптөрдү терип, анализдеп жүрөм. Сентябрда келип анан кышы менен ушуларды тазалап, элдерди даарылайм. Айрым адамдар чөптөрдү туура эмес колдонуп алышат. Анан тескерисинче оорусун күчөтүп же башка органдарына зыян кылып алышат. Ошондуктан туура билип колдонууну сунуштайм”, - дейт Чомоев.
Булак: NazarNews.kg