www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Үңкүр да болсо үйүм бар” дейт кыргыз. Бирок, ушу тапта кыргыздар үчүн “Үй” деген маселе үшкүрүккө кекиртегинен малынган көйгөй болуп туру. Канчалаган жарандарыбыз так ушул турак-жай маселеси жаатында тарткан азаптарынан улам туруктуу үй-бүлө институту сакталбай, социадык теңсиздик деген балекет так ушул жерден басып туру. Ырасын айтыш керек, муну учурунда түшүнгөн жетекчилер болбой койгон жок.
Эсеби маселен, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда карапайым кызматкерлерди турак-жай менен камсыздоо үчүн Мамлекеттик ипотекалык компания түзүлүп, далай мекендештерибиздин алкышына татыган эле. Аталган компаниянын алгачкы кадамдары түзүк эле шилтене баштаган. Бирок, жакшы тилек менен башталган ийш ийрейип кеткени жакынкы күндөрдөн тарта ачыкка чыга башталды.
Айтсак, Жогорку Кеңештин ипотека маселеси талкууланган маалда депутат Абтандил Кулбараков жүйөөлүү кепти козгоп, Мамлеккеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Бактыбек Шамкеевдин анык жүзү ачты. Тагыраак айта турган болсок, эл өкүлү 1 миллион жана 2 миллион сомдук кредитти ала турган кишинин айлыгы канча болуш керектигин сураганда, шанаңдаган Шамкеев: “Бир миллион сомдук кредит алса, айлыгы 50 миң сом болуш керек” деди. “Бюджетте иштегендерде ушундай айлык барбы?” – деген суроого оозу-мурду кыйшайбаган Шамкеев: “Бар алып атышат” деди.
Башка бирөө болсо жарылы кетмек, ал эми Абтандил Курбараков мадантияттуу түрдө сылык-сыпаа гана сөзүн улап, “Мындай айлык жок, ипотека алгандардын 90%ы андай маянаны албайт, силер коррупцияны баштап жатасыңар. Мисалы, Нарын менен Бишкектин наркын бир өлчөп, арчы метрин 550 доллар кылып койдуңар. Ал эми мамлекеттик акты аркылуу 260 доллардан бүтүрүп беребиз деген курулуш компаниялар бар, кымбат курган компанияны кантип тандаганыңар түшүнүксүз. Мөөнөтүн 25-30 жылга узартып, чегин түшүрүп, элге ыңгайлуу шартты түзүп бергиле”- деди.
Чындап эле бизде 50 миң же 25 миң айлык алган катардагы кызматкерлер барбы? Катардагы кызматкер эмес, жогорку кызматтагылар дагы 20-25 миң сомдун тегерегинде маянаны араң алышаары баарына айгине. Шамкеев оозун толтуруп айткан айлыктар балким, батыш өлкөлөрүндө болуп жүрбөсүн. Эгер бизе болсо тиешелүү тармактар айтышат эле го. Ал эми Шамкеевдин логикасына келе турган болсок жөнөкөй кызматкер эч качан ипотекага илине албайт. Бизнес менен шугулдангандар гана жетиши мүмкүн. Бул эмне дегендик?
Бул бир учурда экс-ажо Атамбаев баштаган мыкты ишти, Шамкеев жана анын командасы, акыл-аң сезим деңгээлдери иритип жатканы анык дегендик эмеспи. Шамкеев оозун көптүрүп лакылдагыдай эле экен. Анткени бул эргул, мамлекеттин каражатын самандай сапырыш үчүн жең ичинен иш жүргүзүп, ипотекалык үйлөрдү арзан баада эмес, кымбат баада кура турган компанияны тандаганы калкып чыкпадыбы. Депутат Кулбакаров айкандай чарчы метрин 260 доллардан куруп берүүгө даяр турган компанияны тандабай, 500 доллардан курдуруп жатканы чоң суроону туудурат. Бул боюнча тиешелүү тармактар неге унчукпайт?
Же Шамкеев алардын да тамагына бирдеме тыгып коюп атабы? Андан да кызыгы, Нарында курула турган үйлөрдүн чарчы метри 500 доллардан турса, 100 кв. Метрлик үй 50 миң доллар болот . 15 жылда үстүнө 75 миң доллар кошуп берет экен. Муну кантип түшүнөбүз?
Кызыгы, аруу тилек менен мамлекеттин бүтүндүгүн, үй- бүлө камкордугун көздөгөн мыкты идеяны коррупциялык торчо менен иритип, элге каршы иштерди жүргүзүп жаткан Бактыбек Шамкеев мамлекеттин чөнтөгүнөн 107 миң сом айлык алат. Мынча суммадагы айлык алардын өткөн жылдын 18-ноябрында Жогорку Кеңештин фракция жыйынында өз оозу менен айткан жайы бар.
Бул эргул элдин баарын олчойто айлык алган өзүндөй ойлойт окшойт. Айтмакчы, 107 миң сомду Шамкеев кайсы эмгеги үчүн алып жатат?…
Булак: "Мантыш"