www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкүнөм... Жашоо супсак... Адамдар мерээз... Өзүм эч жерге батпай жатам. Мени угаар адам жок. Кичинемден эрке өстүм. Турмушта бирде бар, бирде жок. Ата- энем абдан жакшы адамдар. Акчанын тардыгына карабай эч нерседен кем кылбай мени өстүрүштү. Чырайлуу кыз болуп чоңойдум. Моделдик чөйрөдө талантымды көрсөттүм. Мага суктангандар, кызыккандар арбыды... Алардан баш тарта албадым... Анан 17 жашымда бир жигит бузуп "кыз" деген атымдан айрылтты.
Андан соң менин оюм бир гана кафеге барсам, ичсем, ойносом анан баардык жигиттер мени карашса деп эле калдым. Убакыт өтүп бир жигитти кармап арыз жаздым да, турмушка чыгып алдым. Ал турмушум көпкө узабай 6 ай дегенде ажыраштым.
Кайра эски жашоомо өтүп күндөгүдөй үйдөн качып ичип, тамеки чегип, ар ким менен төшөктөш болуп жүрө бердим. Кандай кыздар менен достошконумду да билбей сойку болуп кеттим. Анткени, акчага азгырылдым...
Ата-энеме иштеп жүрөм деп акча берип өзүм кийинип, ичинип эч нерсе болбогондой күндөр өтө берди. Уялган, намыстанган ойлор менде эч болбоду. Келечегимди ойлогонда жокмун. Арадан жылдар өтүп чет жерге барып иштеп келип, башымдан баардык жашоонун кыйынчылыктарын көрүп өзүмдү колго алдым. Өзүмдү кармай баштадым. Анан бир жигит менен таанышып, ата-энем баары сүйүнүп ырааы болушуп турмушка чыктым. Жолдошумдун ушунча жан-дүйнөсү таза, мага болгон махабатты тунук экенин көргөндө жүрөгүм ооруйт.
Өзүмдү жемелеп жаман көрүп, өзүмдөн жийиркенип жашап келем...
Мени ойлондурган нерсе апа болуп кантип балдарыма тарбия берем? Кантип кыз тарбиялайм деп ич ичимен өзүмдү жеп келем. Бирок, мен өмүрүмдүн акырына чейин Аллахтан кечирим сурап жашайм!
Аруужан Булекбаева
NazarNews.kg