www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы мезгилде Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаровду “коррупцияга малынган” деп бир беткей айыптаган материалдар ЖМКларда козу карындай эле жайнады. Буга улай ак жеринен жөнсүз каралоого кабылган жергиликтүү абройлуу аткаминер аргасы куруганда өзүнүн адамдык ар-намысын коргоп, аны жөнсүз каралагандардан ири өлчөмдө моралдык чыгым төлөттүрүү максатында сотко дагы кайрылды. Фемида кеңсесинде жүргөндө Шарабидин Капаровду араң кармап, капыл-тапыл кепке тартык.
- Шарабидин мырза, мына Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчылыгына ушуну менен үчүнчү ирет шайландыңыз. Дегиңкиси мындай ийгилигиңиздин сыры деги эмнеде, ыя? Же кээ бир айыл өкмөттөрүнө окшоп Айылдык Кеңештердин депутаттарына акча тараттыңызбы?
- Эч кандай деле жашыруун сыры жок! Элим үчүн үч мөөнөттө тең кара жанымды карч уруп, чын ыкласымдан гана абдан таза иштедим. Биринчи ирет Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланганымда айыл өкмөтүнүн бюджети 2010-жылы 7 миллион 579 миң 200 сом эле. А азыр мунун көлөмү 35 миллион 317 миң 600 сомду чапчыды. Дээрлик өзбүздүн бюджетибизди, көз тийбесин, үч эседен ашык көтөрдүк. Кыязы, Айылдык Кеңештин депутаттары акыркы шайлоо маалында ириде менин дал ушул мээнетимди абдан калыс баалашты өңдөнөт.
- Ошентсе дагы, сизди президент Сооронбай Жээнбековго дейре ат тезегин кургатпастан жазышып, “Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү жер тилкелерин чекесинен жана ченемсиз сатып, дал ошонун эсебинен кыска аралыкта абдан тез байыды”- дегендерге кошуласызбы?
- Ай, жүзү жоктор! Ушинтип каратып туруп каралоонун дагы чеги болот, эй? Менин үстүмдөн ар тараптарга тынымсыз даттанган Орозкан Токторалиевага 2012-жылы эле Кызыл-Байрак айылынан алты сотых жер тилкесин ченеп бергенбиз. Эми уялбастан дагы “суулуу аянттан тилкесин ажыратасың!”- деп мени ыраса мукуратты. Менин деле башым экөө эмес! Суулуу жана сугат жерден турак жай үчүн жер тилкелерин берүүгө таптакыр тыюу салынган, мындайча айтканда, Кыргыз Өкмөтү буга мораторий жарыялаган.
Ал эми мени курулай каралоо катына кол койгон Гүлнара Мырзакаримованын деле өзүнүн жери бар. Ошого карбастан “Эми балама дагы жер тилкесин бөлгүлө!” деп мени тынбай опузалап, коркутуп олтурат. Анан арыз ээлеринин дагы бири Салтанат Козубаева менен өзүңүздөр деле телефон аркылуу сүйлөшүп көрдүңүздөр го.
Ал өзү даттанууга дегеле кол койбоптур. Бирок, анын атын-фамилиясын тигил шылуундар өздөрү Арызга кошуп, а колун дагы өздөрү билгендей тууралашыптыр. Эми бул жосунсуз жоруктары үчүн Орозкан Токторалиева жана Гүлнара Мырзакаримова мыйзам алдында сөзсүз жооп беришет!
- Жердештериңиз сизди буга дейре дагы жазып, какшатышты беле?
- Жо-жок! Бул биринчиси.
- Анда сиз санактаган кишилердин - жалган арызчылардын артында кимдер турушу ыктымал деп эсептейсиз?
- Мени тынбай ЖМКлар аркылуу жөнсүз каралагандардын артында, албетте, 2010-жылдагы кандуу Ош коогалаңын уюштургандар турушат. Ошондуктан, сот жараянынын жүрүшүндө булардын баары тең сөзсүз ачыкка чыгат деген терең ишеничтемин!
Ал эми соттон мен буларды гана талап кылып жатамын: күнөөкөрлөр - жазмачылар мага бир миллион сом моралдык чыгым төлөшсүн! Ошондой эле мени тынбай жамандаган ЖМКлар аркылуу калк көзүнчө расмий түрдө кечирим дагы сурашсын! Антишпесе, мен дагы эми таптакыр тынчыбаймын, эй!
- Шарабидин мырза, мына көп жылдардан бери аткаруу бийлигинде жалаң жетекчилик кызматтарды гана аркалап жүрөсүз. Айып этпесеңиз, Кыргызстанга башкаруунун кайсыл түрү (президенттик, пралаш, парламенттик) өтө ылайыктуу деп эсептейсиз?
- Жашырып не. Мен дээринен эле президенттик башкаруунун гана бир ыктай тарапкеримин! Биз аралаш, анан парламенттик башкарууну тандадык эле. Эмне таптык, ыя? Болгону жоопкерчиликсиз гана система түзүп, жемкорлукту ого бетер өркүндөттүк. Эми ошонун азабын моминтип куп тартып келатабыз.
Булак: “Майдан.kg”