www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан тартып эң көп каржылык колдоолор билим берүү тармагына бөлүнүп келүүдө. Билим берүүнү түп тамырынан реформалоо максатында чет өлкөлүк донорлор тарабынан бир нечелеген долбоорлор сунушталып кайсы бир деңгээлде аракеттер болгону менен мектеп билим берүүсү, жогорку билим берүү оор кризиске учураганы барыбызга белгилүү.

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан реформалоо жөнүндө көп айтылса дагы эч кандай өзгөрүүлөр жок.

Жогорудагы сөзүбүздүн айкын мисалы акыркы жылдары Билим берүү министрлигинин грифи мене жарык көргөн окуу китептериндеги мазмундук жана сабаттуулук жагынан кетирилген орой каталар болуп саналат.

Бул маселе көпчүлүк тарабынан мезгилдүү басма сөздө бир канча ирет көтөрүлүп, элдин тынчын алганы менен чечкиндүү чаралар кабыл алынганы байкалган жок. Министрликтеги өлкөбүз үчүн маанилүү билим берүүдөгү стратегиялык чечимдер министрге жакын 4 адам тарабынан эле чыгарылып жаткандыгы ойлондурбай коюлат.

Ушул 4 адам (Марченко, Глушкова М.Ю.,Коротенко, С. Симбард) бүтүндөй бир өлкөнүн билим берүү саясатын жүргүзүп жатышкандыгы өкүнүчтүү. Алар өздөрүнө ыңгайлуу чечимдерди кабыл алдыруу, иш жүзүнө ашыруу максатында өздөрүнүн сөзүнөн чыкпаган адамдарды министрликтин чечүүчү орундарына түртүп жатышкандыгы, маселен «Көп тилдүүлүк» программасынын координаторунун, б.а. М.Ю.Глушкова жетектеген долбоордун координаторунун Билим берүү министринин орун басары болуп дайындалышынан айдан ачык көрүнүп турат.

Эгерде Глушкова жетектеген долбоор ойдогудай иш жүзүнө ашып жатса биз бул көйгөйдү көтөрмөк эмеспиз. «Көп тилдүүлүк» долбооруна Евро биримдик тарабынан чоң суммадагы каражат бөлүнгөн, эгер ошол каражат максаттуу жумшалганда аймактардагы кыргыз тилдүү мектептерге орус тилин, ал эми шаарлардагы орус тилдүү мектептерге же тактап айтканда башка улуттарга кыргыз тилин тереңдетип үйрөтүү ишке ашмак.

Көп тилдүүлүк программасы Евро биримдиктин жардамы менен Прибалтика өлкөлөрүндө, кошуна Казахстанда кандай ийгиликтүү ишке ашып жаткандыгын көрүп атабыз. Ал эми бизде, каражат жеке бир адамга эмес бүтүндөй өлкөгө бөлүнүп жаткандыгына карабастан «Көп тилдүүлүк» долбоорун кыргыз тилин билбеген, же «көп тилдүү» компетенциясына ээ эмес адистердин жетектеп, ишке ашырып жатышы, жер-жерлердеги тренинг-семинарлардын жалаң бир тилде-орус тилинде өтүлүп жатышы, тактап айтканда тилди окутуунун коммуникативдик методдору орус тилинде гана (Баткен, Ош обласында ж.б.) берилип жатканы өтө өкүнүчтүү.

Тилекке каршы бул маселенин иш жүзүнө кантип ашып жаткандыгына Министрлик тарабынан кызыгуу болгон жок. Кыргыз тили Мамлекеттик тил катары макамын алып, түпкү улуттун тили экендигине карабастан дагы деле кысылып, экинчи-кошумча тил катары кала берүүдө. Биздин түшүнүгүбүздө Кыргызстандык жарандардын көп тилдүүлүк компетенциясын, анын ичинде кыргыз тилин башка улуттарга үйрөтүүгө бөлүнгөн каражат Кыргызстанда орус тилин гана өнүктүрүүгө жумшалып жатат. Көп тилдүүлүктүн ар кайсы маселелери боюнча жазылган окуу-методикалык китептердин бардыгы дээрлик орус тилинде жарыяланды. Казахстанда көп тилдүүлүк программасынын негизинде мектептерден тартып бардык жогорку окуу жайларында «Казах адабияты», «Казахстан тарыхы» – казах тилинде, фундаменталдык илимдер – англис тилинде, айрым предметтер орус тилинде окутулууда. Билим берүү жана илим министрлигинин Коллегиясында кыргыз улутунун түпкү улуттук кызыкчылыктарын колдогон, ошону ишке ашырууга ниети бар адистер оутрмайынча бул көйгөй кала берет. Анын дагы бир ачык мисалы: «Кыргыз адабият» жана «Кыргыз жана дүйнөлүк адабият» маселеси?

Жаңы муундагы стандарттарды иштеп чыгуу процесси башталган учурда бир эле предмет – «Кыргыз жана дүйнөлүк адабияты» сунушталган. Орус тили дүйнөлүк адабияттын ичинде эле окутулууга тийиш болгонуна карабастан, жогорудагы аты аталган адамдардын колдоосу, түздөн түз кийлигишүүсү менен дагы бир предмет – «Орус жана дүйнөлүк адабият» предмети кошулду. Мектептердеги окуу жүктөрүнүн көбөйүп кеткендигине байланыштуу предметтерди интеграциялаштырып, айрым предметтердин сааттары кыскарып атса, дагы бир предметке саат кайдан табылды деген суроо пайда болот. Көп жылдардан бери кайра-кайра маселе көтөрүлүп, Министрликке канча бир ирет кайрылып «Манастаануу» предметин 1саат көлөмүндө мектепке киргизүү маселеси чечилбей жатса, кошумча кайдагы саатты таап жатышкандыгы суроо жаратат. Кыргыз улуту өзүнүн түпкү, ыйык мурастарын окуп-үйрөнө турган убакыт жеткени качан.

Бизге, советтик-орус идеологиясынын туткунунан чыга албагандар үчүн орус адабияты дүйнөлүк адабият катары кабылданат. Чындыгында дүйнөлүк адабият деген чексиз, биз аны өздөштүргөн жокпуз. Биз дүйнөлүк адабиятты эмес бир кылымдан бери орус адабиятын гана окуп келе жатабыз. Орус адабияты – дүйнөлүк адабияттын бир бөлүгү да. Бул жерде русобофиялык эч кандай ниет жок. Бирок, биздин балдардын дүйнөлүк билимге интеграцияланышын каалайбыз. Бизден башка постсоветтик өлкөлөрдүн бардыгы бул маселени эчак чечишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости