www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бийликтин мындай туура эмес кадамы “Акжол” чек арасында Садыр Жапаров кирип келе жатканда эле болгон. Кирип келгенибизде бизге атайын чакыруу беришти. “Повестка” алгач 13:00 суракка деп берилген. Бирок биз 12.43до келдик. Кайрадан убакыт бергиле деп талап кылып, соодалашып олтуруп 17.00 го Садыр Жапаров УКМК барат деп кол коюлду. Бирок ага карабай ошол жактан эле кайрадан мажбурлап алып келүү деген повестка көрсөтүштү. Бул мыйзамсыз. Аны айтсак угушпады. СИЗО-1ге которбогула деп суранганыбызда алар УКМК орун жок деген жооп беришти.
Ал эми 2-апрелде болгон окуядан кийин Сажыр Жапаровго бизди 4 саат киргизбей кармап турушту. Киргенибизде Садыр Жапаров өтө оор абалда, титиреп, жөөлүп жаткан экен. Айлабыздын жогунан жакындарына абалы жакшы экен дедик. Садыр Жапаров буга чейин бизге өмүрү коркунучт экенин билдирген эле.
Эске сала кетсек, 25-март күнү чет жакта жүргөн Садыр Жапаровду чек арадан УКМК кызматкерлери кармап кеткенден кийин, СИЗО-1 тергөө абагына камакка алынган.
Садыр Жапаров, 2-апрель күнү моюндун күрөө тамыры жана сол колунун кан тамырлары кесилип оор абалда ооруканага түшкөн. Жактоочулардын айтымына караганда абалы учурда жакшы.
Булак: NazarNews.kg