www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин аты-жыты билинбеген Закир Шарапов деген депутаты бар. Депутат болуп келгени Кадамжайдагы Айдаркен сымап комбинатын жаптыра албай убара тартууда. Беш жүз киши иштеп, бүтүндөй бир шаардын тиричилигин камсыз кылган ишкананы жаптырууга кызыкдар болуп, эмне мынча шаар элине кастарын тигип калды десек, ишкана жабылса ЮНЕП деген диверсиялык программанын алкагыңда чет өлкөдөн ири суммада акча келет экен. Ошол акчадан өөнөп калууга көз кызартып жаткандай...
Өкмөт буга окшогон өчөйгөн экономиканы ого бетер оңколото турган, түбү бузук программаны кабыл алуудан сак болушу кажет. Анткени мунун артында Кыргызстандын бүтүңдөй оор ири өнөр жайларын талкалоо максаты кашкайып көрүнүп турат.
Бирок бул маселе Закир Шараповго окшогон акчадан башканы көрбөгөндөрдү ойлондурбайт тура. Бул депутатка 2008-жылы Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин статс-секретары болуп турганда 250 миң сомду «жеп койгон» деген негизде Финполиция тарабынан кылмыш иши да козголуптур. Анан кантип депутат болуп калды дешип баш катыргандар арбын... Тиешелүү органдар ишемердүүлүгүн тыкыр иликтеп чыкчу неме экен...
Булак: “Фабула”