www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курман ыраазы болсун!

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кыргыз тилин билбей, коомго уят болгон жоруктары эл арасында анекдотко айланмай болду. Мэрлик кызматка шайланып жатканда кыргыз тилинде жаза албаганы, оюн эркин айта албаганы кызуу талкууланып, ачуу сындар айтылган.

Бирок тилчилер жогору жактын кысымы мененби же акчанын азгырыгы болдубу, айтор кыргыз тилин кыйын билет деген баа беришип күлкүгө, шылдыңга калышкан. Мына эми кыргыз тилин кыйын билет деген мэр Курман айт намазында «курман ыраазы болсун» деп каалоо-тилек айтып шылдың болду.

Албетте, кардыма эмес, кадырыма ыйлайм дегендей, кыргыз тилинин кайсы бир саясий топтун кызыкчылыгы үчүн курал болуп жатканы өкүндүрбөй койбойт. Өз элибизде, өз мамлекетибизде кыргыз тили корголбой кордолуп, бир ууч топтун саясий кызыкчылыгынын курмандыгына айланып отурат.

Булак: “Фабула”

Последние новости