www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

23-августта  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанга мамлекеттик визитинин алкагында Кыргызстан Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрү болду.

Мамлекеттер башчылары эки өлкө ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө чоң маани бере тургандыктарын жана эки бир тууган элдердин ар тараптуу байланыштарын мындан ары карай кеңейтүүгө умтулушаарын белгилешти.

Сооронбай Жээнбеков жана Гурбангулы Бердымухаммедов сүйлөшүүлөр достуктун, өз ара түшүнүшүүнүн жана конструктивизм маанайында өткөнүн баса белгилешти.

Эки тараптуу мамилелердин абалы жана келечеги, регионалдык жана эл аралык күн тартибинде турган маселелер дыкат талкууланды. Анын ичинде суу-энергетикалык, транспорт, соода-экономикалык, саясий, айыл чарбасы, өнөр жайы, маданий-гуманитардык маселелер бар.

Кыргызстандын жана Түркмөнстандын Президенттери кызматташуунун бардык чөйрөлөрүндөгү эки тараптын тең мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу пайдалануу тууралуу бир пикирге келишти.

Тараптар мындан ары карай да ар тараптуу достук жана бир туугандык мамилелерди өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Президент Гурбангулы Бердымухаммедов 2018-жылдын сентябрында Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Түркмөнстандын делегациясы барат деп маалымдады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Гурбангулы Бердымухаммедовду өзү үчүн ыңгайлуу учурда жооп иретинде визит менен Кыргызстанга келүүгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости