www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Коопсуз шаар" долбоору ара жолдо турат. Тактап айтканда, 2012-жылдан бери ишке ашпай келе жаткан "Коопсуз шаар" долбоору бул жолу да үзгүлтүккө учураганы калды.

Анткени 4-октябрда "Коопсуз шаар" боюнча өткөн сынакка катышкан "Маалыматтык системдердин коопсуздугу" компаниясынын өкүлдөрү жеңишке жеткен "Вега" компаниясынын аталган долбоорду ишке ашырууга тажрыйбасы жоктугун, сынактын эрежелери бузулганын айтып чыккан. Арыз-даттанууларды караган көз карандысыз комиссия "Веганын" үстүнөн түшкөн сындарды негиздүү деп тапты. Натыйжада «Веганын» жеңиши кайрадан жокко чыгарылышы мүмкүн.

Кыскасы, бир нече кьлмышка шектүү экенине карабай Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетине дайындалган Бакыт Шаршембиев «Коопсуз шаар» долбоорунун таш талканьш чыгармай болду. Өкмөт бул жолу да ооз көптүрүп, бирок жайдак калды.

Булак: "Фабула"

Последние новости