www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги "Шашлычная №1" кафесинде 8 адамдан турган үй-бүлө ууланды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев билдирди.
Анын айтымында, үй-бүлө Түркиядан учуп келип, аталган кафеден тамактанышкан.
"Андан кийин алар өздөрүн жаман сезип, дарыгерлерге кайрылышкан. Аларга амбулатордук дарылоо жүргүзүлдү. Өз кезегинде Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүп, бир катар мыйзам бузууларды аныктаган. Мыйзам бузуулар оңдолгонго чейин кафе жабылат", - дейт ал.
Ббелгилей кетсек, буга чейин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Бишкектин Каралаев көчөсү, 1а дарегинде жайгашкан "Шашлычная" №1 кафеси жабылганын билдирген.
Булак: NazarNews.kg