www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 23-сентябрда өтүүчү БУУнун Башкы Ассамблеясынын юбилейлик 75-сессиясынын жалпы дебаттарына катышат. Бул тууралуу өлкө башчысынын пресс катчысы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Өзбекстан тарыхында алгач ирет БУУда президент мамлекеттик тилде (өзбекче) сүйлөөрү күтүлүүдө. Анда коңшу өлкөнүн президенти коомчулук арасында жергиликтүү жана глобалдык актуалдуу темаларды көтөрүп, ошондой эле Өзбекстанды саясий, социалдык жана экономикалык жактан оңдоонун артыкчылыктары көрсөтүлөт.

Быйылкы талкуудагы башкы теманы эске алуу менен, коронавирус пандемиясынын жайылышынын терс кесепеттери менен биргеликте күрөшүү маселеси көтөрүлөт.

Эске сала кетсек, БУУнун тарыхында быйыл Башкы Ассамблеясынын иш-чаралары дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу алгач ирет видеоконференция форматында өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости