www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик тарых музейинин айланасындагы тосмо 2018-жылдын август айында эле орнотулган. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.
Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары музейдин айланасына эмне себептен тосмо коюлганына кызыгып, нааразы болгон пикирлерин жазышкан. Айрымдар кимден коргонуш үчүн бул тосмолор коюлганын да сурашкан.
Министрликтин маалымат кызматы кабарлагандай, хромдолгон металл музейдин баш жагындагы эки капталына эки жыл мурда орнотулган.
"Бул тосмолор музейди реконструкциялоонун биринчи этабында эле коюлган. Анын бийиктиги 3 метр. Музедин айланасы элдин коопсуздугун камсыз кылуу максатында тосулган", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо иштери 2016-жылы 25-мартта башталган. Музей оңдоп-түзөөдөн өткөнү менен азыркы күнгө чейин ачыла элек.
Опубликовано Искеном Афиджановым Воскресенье, 20 сентября 2020 г.
Булак: NazarNews.kg