www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн борбору Ташкент шаарын кеңейтүү боюнча долбоор менен таанышты. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, жалпысынан Ташкенттин аймагына дагы 9 381 гектер кошуу пландалууда. Шаардын инфраструктурасы кеңейип, элдин саны өсүп бара жатат. Мындан улам Мирзиёев быйылкы жылдын май айында Ташкентте “Янги хаёт” (“Жаңы жашоо”) деп аталган жаңы район курууну сунуштаган.

Ошондой эле президент адистерге борбор калаанын генералдык планын кайра карап чыгуу тапшырмасын берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости