www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жүрүп бараткан автоунаанын дөңгөлөгү жарылып кетип, жолдун четиндеги бакты сүзүп токтогон. Бул тууралуу журналисттерге Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 5-августта, саат 19:20лар чамасында болгон. Анда Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунаа Чүй проспекти менен бара жатканда сол дөңгөлөгү жарылып, жолдун четиндеги бакты сүзүп токтогон.

"Кырсыктын кесепетинен эки киши жабыркап, ооруканага жеткирилди. Автоунаа айып короого киргизилип, жол кырсыгынын себеби такталып жатат",-деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости