www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго көңүл айтты

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкө башчы Садыр Жапаровго жана кыргыз элине Ульяновсктогу жол кырсыгына байланыштуу көңүл айтты. Бул туурасында өзбек басылмаларында жарыяланды.

"Өзбекстандын башчысы боордош Кыргызстан элине, каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Аларга колдоо көрсөтүүнү суранып, жабыркагандардын сакайып кетишин каалады", - деп жазылган маалыматта.

21-август күнү Ульяновск облусунда жол кырсыгы катталып, 16 адам каза болду. Алардын ичинен 14ү Кыргыз жараны. Мындан тышкары дагы 3 Кыргыз жараны - эки эркек, бир аял киши ооруканага түшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости