www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борборубуздун коомдук транспортунда метронун ролу абдан чоң. Анын камтылышын кеңейтүү максатында Өзбекстандын мамлекет башчысынын демилгеси менен «Жер үстү» метрополитени түзүлгөн.

Өткөн жылдарда бул эбегейсиз долбоордун биринчи этабы жана Сергели жолу ачылган. Быйыл экинчи этап – Койликтен Сергелиге чейинки Жер үстү метросу аяктады.

Президент бул транспорттук объектиде болуп, эл өкүлдөрү менен бирге метродо жүрдү.

- 2017-жылы бул долбоорду баштаганыбызда ишенбегендер болгон. Мына, кудайга шүгүр, жер асты менен жер үстү метро линиялары кошулуп, шакекчеге айланды. Ырас, кыйын болду. Бирок бул элибизге кызмат кылган, тарыхта калган жол болуп калды. Элибиз, балдарыбыз ушул метродо жүрүп, ушуну аткарып, мамлекетибизге ыраазы болсо, максатыбызга жеткен болобуз, - деди Шавкат Мирзиёев.

Бул экинчи этаптын алкагында 12 чакырым эстакадалык жол жана 7 станция курулган. Бул аралыкта жүрүү убактысы 15 мүнөт. Бир күндө 40 миңден ашык жүргүнчү тейленет.

Жалпысынан бүгүнкү күндө Ташкент метросунун жалпы узундугу 70 километрден ашты. Анын 38 чакырымы 1977-жылдан кийин курулса, акыркы 7 жылда 32 чакырым метро курулган. Станциялардын саны 50гө жетти. Метродо күнүмдүк жүргүнчүлөрдүн саны 750 миңге жетиши күтүлүүдө.

Мындан тышкары быйылкы жылы борборубузга миң автобус алынып келинди. Натыйжада күнүнө 1 миллион 400 миңге чейин жүргүнчү коомдук транспортту пайдаланат. Бул жеке унааларга болгон муктаждыкты жана акырында көчөлөрдөгү тыгынды азайтуунун маанилүү фактору.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости