www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Бурканов буркураткан «Барселона»

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы «Спартак» стадионунда "Барса" клубунун жана Азиянын легендарлуу футболчуларынын жолдоштук беттеши өтөт."Барселона" футбол клубунун жетекчиси Жоан Лапорта менен футболчу Эдгар Давидс Кыргызстанга келди. Тамчы аэропортунан аны жана "Барселонанын легенда" командасын УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев тосуп алды. Белгилей кетсек, буга чейин өлкөгө "Барселона" футбол командасынын капитаны Карлес Пуйоль келген. BarçaLegendsтин курамында "Алтын топтун", "Дүйнөлүк кубоктун", "Алтын бутсанын" жана башка көптөгөн престиждүү наамдардын ээлеринин келиши күтүлүүдө. Алар Роналдиньо, Ривалдо, Савиола, Клюйверт, Абидаль, Замбротта, Надаль, Франк де Бур, Попеску жана башкалар.

Бийликтин «кошелогу» болуп эсептелген Бурканов өлкөдө кайсыл иштен майнап чыкса ошол жерге мурдун тыгып жүрүп ашмалтай болду.  Барселона футболдук клубунун академиясынын курулушуна анын тиешеси барбы? Жапаров “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинде  Барселона футболдук клубунун академиясынын курулушу жөнүндө жарыяланган иликтөөлөргө байланыштуу суроолорго жооп берди.

— Клооп порталы Барселона стадионун курууга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындарынын, Орусиянын Росатом компаниясына тиешеси бар ири бизнесмендин аралашканын иликтеп чыкты. Макалада сиздин туугандар да аралашкан деген шек саноо да бар. Негизи эле ушул дүйнөлүк футбол клубунун Кыргызстанга келүүсүнүн башкы максаты эмне? Чоо-жайын айтып берсеңиз.

— "Жообумду эмнеден баштайм билесизби? Ошол Клооп баш болгон башка сайттарга, өздөрүн эркин журналистмин деп алышкан Эшмат-Ташматтарга кайрылуу менен баштаймын. Силердин илгертен бери кыргызга кылган зыяныңардан башка пайдаңар жок. Мындан ары деле болбойт. Кыргызстаныбызга пайдаңар тийбесе дагы зыяныңарды тийгизбей тургулачы сураныч. Жалаң негатив жазып, жамандык издеп өлкөгө келип жаткан миллиарддаган инвестицияларды, инвесторлорду үркүтүп жатасыңар. Ташиев-Жапаровдор өлкөдөн тышка ташыбай, тыштан өлкөгө ташып келип жаткандарына сүйүнбөйсүңөрбү. Өлкөнү тоноп, тышка ташыгандардын, башка өлкөлөргө жүздөгөн миллион долларларга завод-фабрика кургандарды, чет өлкөдөн вилла, квартира сатып алгандарды деле мактап жазып жүрчү эмес белеңер. Албетте алар силерге мамлекеттин, элдин эсебинен акча төлөп турушчу. Ошол үчүн мактачусуңар. Биз элдин акчасын силерге төлөй албайбыз. Элдин акчасы элге болуш керек!

Эми негизги жоопко өтсөм. Ооба, Ташиев-Жапаровдор жана башка чет өлкөлүк инвесторлор бар. Мамлекетке бир тыйын зыяны жок, мамлекеттин бир тыйын акчасы менен салып жаткан жок. Мамлекеттин катыштыгы жок. Болгону 16 гектар жер берип жатабыз. Ал 16 гектар жерди Барселона академиясы 16 миң эсе актайт. Бул социалдык долбоор. 10-15 жылдан кийин биздин балдар дүйнөлүк чемпионаттарда ойной баштайт. Африкалыктардан эмнебиз кем? Биз кыргыздар да балдарыбызды ушул академияда даярдап, дүйнөлүк масштабдагы клубдарга жиберип турсак эмнеси жаман. Качан мамлекет үчүн күйгөндү үйрөнөсүңөр? Чымындан пил жасап, жамандык эле жаза берсеңер кайсы инвестор келет? Кантип жакшылык келет? Жамандык издей берип өзүңөрдүн ичиңер деле жамандыкка толуп калат эмеспи?

Ал эми Жапаров-Ташиевдердин катышы боюнча. Жалал-Абад шаарына Ташиевдер тээ мурдатан эле таштанды болуп жаткан жерди тазалап, футбол академиясын куруп башташкан экен. Ал академия азыр жаркырап бүтүп калды. 29-августта Барселона клубунун башчысы Лапорта менен биргеликте барып, аны ачабыз. Ал академияны толугу менен Бишкектеги академияга өткөрүп берели, Бишкектеги академияны силер кургула деп сүйлөшүшүптүр. Ташиев-Жапаровдор ошол үлүш менен катышып жатышат. Ошондо Кыргызстанда эки академия пайда болот. Бирөө түштүктө, бирөө түндүктө. Жалал-Абад Бишкектеги академиянын филиалы болуп калат. Жашыра турган эч нерсе жок.

Эгер Клооп баштаган башка сайттар жана башкалар биз да салабыз десе жер бергенге даярбыз. Колдорунан келсе бири Манчестерди алып келсин, дагы бири Реал Мадридди алып келип академиясын салсын. Ашыкча болбойт. Бизде салынган имараттарды көтөрүп кетишпейт. Эгер эле 20 кабаттуу бир имаратын көтөрүп кетип бара жатышса ызы чуу салгыла. Мен токтотуп калайын. Дагы бир жолу кайталайм. Мамлекетке пайдадан башка зыяны жок. Мен Ташиев-Жапаровдорду дайыма чогултуп эскертип турам. «Балдар, мамлекетке бир тыйын зыян келтирбегиле. Саясатка, экономикага, кадр маселелерине кийлигишпегиле. Мамлекеттен сыртка ташыбай, сырттан мамлекетке ташып келип тургула. Биз мурдакылардын катасын кайталабайлы. Инвесторлорду тартып келгиле. Ошолор менен иштегиле», - деп.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости