www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Бишкекке "Барселона" футбол командасынын капитаны Карлес Пуйоль келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан кыргызстандык күйөрмандар “Барселона” футбол клубунун легендарлуу коргоочусу, Испания курама командасынын мурдагы оюнчусу Карлес Пуйольду тосуп алышты.

Эске салсак, 30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы «Спартак» стадионунда «Барса» клубунун жана Азиянын легендарлуу футболчуларынын жолдоштук беттеши өтөт.

BarçaLegendsтин курамында «Алтын топтун», «Дүйнөлүк кубоктун», «Алтын бутсанын» жана башка көптөгөн престиждүү наамдардын ээлеринин келиши күтүлүүдө. Алар Роналдиньо, Ривалдо, Савиола, Клюйверт, Абидаль, Замбротта, Надаль, Франк де Бур, Попеску жана башкалар.

Алдыдагы оюндун калган катышуучулары бүгүн Бишкекке келишет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости