www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канадада аял өзүнүн үйлөнүү тоюна бир нече күн калганда комадан чыгып, дароо турмушка чыккан. Бул тууралуу Global Newsке басылмасы билдирет.

Маалыматка ылайык, Канаданын Лондон шаарынын тургуну Сара Кемпинска жигити менен 3-июнда өтүшү керек болгон үйлөнүү тоюна эки жылдан ашуун даярданышкан. Бирок, тойго бир аз убакыт калганда аутоиммундук оору менен жабыркаган кызга хирургиялык операция жасалган. Операциядан кийин анын абалы начарлап, дарыгерлер бейтапты медициналык жактан комага түшүрүүгө аргасыз болушкан.

Пландаштырылган үлпөт тою болбой калуусу мүмкүн болгон. Бирок кыздын туугандары үмүтүн үзбөй, тойго даярданууну улантышкан. Жигит пландарын аткарууга жетишпей калган болочоктогу келинчегинин кыялдарын ишке ашырууну, ал эми оорукананын кызматкерлери комада жаткан бейтап кыздын чачына кам көрүүнү улантышкан. 

Кыз менен жигиттин жакындары тойду жылдырууга даяр болушкан. Бактыга жараша үлпөт тойго 4 күн калганда кыз комадан чыккан. Кыздын дарылоо курсу аяктап, өзүн жакшы сезип калгандан кийин пландалган күнү турмушка чыккан. 

Булак: NazarNews.kg 

 

 

Последние новости