www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

17-сентябрдан бери дайыны чыкпай изделип жаткан 1982-жылы туулган Т.Гнын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Сокулук районундагы милиция кызматкерлерине 1982-жылы тулган Т.Г. аттуу жарандын жакындары кайрылып, издөө иштерине көмөк сураган. Алардын айтымында, Т.Г. 2022-жылы 17-сентябрда саат 14:00 чамасында Сокулуктун Новопавловка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Бул иш КР Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (адам уурдоо) менен катталып, ыкчам топ тиешелүү иштерди жүргүзгөн. Анын алкагында К.Т. аттуу жаран көзгө урунган.

Ал изделип жаткан Т.Г. Новопавловка айылында ижарага берген үйдө жашап, ага курулуш, оңдоо иштеринде жардамдашып жүргөнү белгилүү болгон. Ошондой эле, К.Т. адам өлтүрүү (кыз киши) кылмышы боюнча соттолуп, мунапыс менен 3 жыл мурда эркиндикке чыкканы белгилүү болду.

Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирген маалымат боюнча, 2012-жылдын 1- декабрында 26 жаштагы кыз (М.Э.) киши колдуу болуп каза тапкан. Сары-Талаа айылынын тургуну Бишкек шаарынан жоголгон. Анын өлүмүнө шектелип казакстандык К.Т. кармалган. Чүй ОИИБинин ыкчам тобу кармаган К.Т. 1984-жылы туулган.

Ал — Кыргыз Республикасынын жараны, түбү казакстандык. Шектүү 21-сентябрда Ош облусунун аймагынан кармалып, Чүйгө жеткирилди. Сурак учурунда Т.Г. анын колунан каза тапканын мойнуна алган. Шектүү кылмыш жасаган жерди да көрсөтүп берди. Окуя Бишкектеги Биринчи май районундагы Ботаникалык бакчанын түштүк бөлүгүндө болгон. Ал жансыз денени 2 метрлик чуңкурга (люк) таштаган.

Шектүүнүн курулуш иштерине байланыштуу маркум экөөнүн ортосунда уруш чыгып, анын дарегине басмырлаган сөз айтканы оор кылмышка себеп болгонун айткан. 21-сентябрда кылмышка шектүү К.Т. 1984-ж.т., КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин талаптарына ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости