www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам Баткен облусунда талкаланган турак үйлөрдүн саны 432ге жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Ырысбек Жолдошбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда Жарандык коргонуунун жергиликтүү комиссиялары тарабынан Баткен облусу боюнча жалпы жабыркаган объектилерди тактоо иштери аяктады.

“Ошондой эле 285 короо-жайлар, мал сарайлар жана чарбалык объектилер, 6 мектеп, 6 бала бакча, 2 саламаттык сактоо уюму, 9 административдик имарат, 26 автоунаа жана башка турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу 171 объект талкаланганы аныкталды", - деди ал.

Мындан тышкары, ал жарылбай калган 78 снаряд табылып, алар сапёрлор тарабынан зыянсыздандырылганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости