www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда эч качан чыныгы оппозиция болгон эмес. Мындай пикирин мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов NazarNews маалымат агенттиине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, Эгемендүүлүктүн 30 жылында өлкөдө оппозиция делген күчтөр көп болгон, бирок өлкөнү өнүктүрүү боюнча долбоорду, оппозиция сунуш кыла турган бир дагы идеяны көргөн жокпуз.
«Кыргызстандагы оппозиция башка мамлекеттердеги оппозициянын түрүнө бийликке келүү каалоосу менен гана окшош. Башка негиздер боюнча, оппозициябыз деп атаган оппозициялык күчтөрдүн окшоштугу ушуну менен бүтөт. Тактап айтканда, башка мамлекеттерде оппозиция көмүскө министрлер кабинетин түзүп, альтернативдик өнүгүү программаларын, мыйзамдарды жана башкаларды түзсө, Кыргызстан эгемендүүлүк алган 30 жыл ичинде өлкөнү өнүктүрүү боюнча бир дагы долбоорду, оппозиция сунуш кыла турган бир дагы идеяны көргөн жокпуз. Болгону булар бийликке келгиси келген адамдар экенин көрүп жатабыз. Бул жагынан бизде толук кандуу оппозиция бар деп айтуунун кажети жок. Кыргызстандагы оппозиционерлер ураан чакырган адамдар”, - дейт эксперт Шерадил Бактыгулов.
Булак: NazarNews.kg