www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шибегеге кайсыл генерал илинет?

Маалымат айдыңында улам барган сайын ысылыгы көтөрүлгөн “кабарлар” чыгып жатканынан коомчулуктун бүйүрү кызып кетүүдө. Өткөн жуманын акырында кадимки “Мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевге бир генерал барып, тизесине бүк түшүп кечирим сураптыр деген “жаңылык” чыгып кеткен болчу. Көп узабай эле генералдык чинге жеткен Данияр Абдыкаров тигиге барып, алдынан өтүптүр деген маалымат жарк дей түштү. Элдин баары чакчелекей түшүп калды.

Изин суутпай эле Даниярдын атынан тескери жааттагы чакан маалымат почталарга келип калды. Анда эч качан Абдыкаров Камчынын алдына барып муңканган эмес, мунун баары калп деген билдирме түштү. Анда ким барды экен деген суроо көкүрөктү кытыгылап турганы ырас. Маселен, Сүйүн Өмүрзаковдун андай жаман адаты жок, Мелис Турганбаев деле мындай кадамды жасабайт. Айтор, табышмактын жандырмагын бошотууга мезгил бышты. Кана кимиңер бардыңар эле, моюнга алгыла, элди бүкү-түкү кылбай.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости