www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы жылдардагы өкмөт башчылардын артыкчылыктарын жаза берүүдөн жадаган жокпуз. Анткени кайсыл киши келип иштесе да анын пикирлештери, көралбастары болору табигый көрүнүш. Убагында Жантөрө Сатыбалдиевди деле мыкты жетекчи катары санашкандар бар эле. Тилекке каршы азыр ал киши камакта жатат. Темир Сариевди дагын кадырлагандар арбын. Сапар Исаковду болсо жаш кадр катары көтөрмөлөп келгенбиз. А бирок, азырынча анын жолунда “темир зым” кадалган кези.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылышында англисче сүйлөп койгон Премьер министр Мухаммедкалый Абылгазиевди тимеле жылдыз кылгысы келгендер да табылды. Убагында баш бакан болгон Жоомарт Оторбаев керек болсо англис тилинде безеленип ырдаганын эмгиче шыпшынып кеп кылгандар жүрөт арабызда. Эмнеси болсо да элдин үнүн уккан, зарылчылык мезгилде суроо-талапты чече билген өкмөт башчыга зар болуп турганыбызды деле кыстара кетели. Англис тили биздин курсагыбызды тойгузмак беле? Айтылды, анан учуп кетти да...

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости