www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы муфтий, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак Жалилов "Азаттыкка" кайрылып, мектептерде кыз-балдарды бөлүп окутуу тууралуу айтканы туура эмес талданып жатканын билдирди:

- Ал жерде медресе жана диний билим жөнүндө эмес, мектептердеги билим тууралуу сөз болгон. Мен бөлүп окутуу тууралуу талап кылып, чакырык таштаган жокмун. Кыргызстанда кыз-балдарды өз алдынча окуткан ыкманы азыр "Сапат" мектептери колдонуп жатканын айтып, илгерки "Кыз-келиндер" институтун мисал келтиргем.

Булан институту (Bulan Institute for Peace Innovations) 28-августта “Балдардын мектепте билим алуу укугун камсыздоодогу кырдаал: жаңы чакырыктар” деп аталган талкуу уюштурган. Ага Билим берүү жана илим, Ички иштер министрликтеринин, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын (муфтият), Аалымдар кеңешинин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, мектеп жана жогорку окуу жайлардын мугалимдери, эксперттер катышкан.

Анда балдардын мектепке барбай калышына жакырчылык, миграция, жумушсуздук себеп болуп жатканы айтылып, диний ишенимден улам окуу укугунан ажыраган учурлар да талкууланган.

Чубак ажы Жалиловдун мектептерде балдар-кыздарды бөлүп окутуу тууралуу пикири коомдо ар кандай талкууларды жараткан.

Жалилов бул жыйында салттуу ислам билим алууну четке какпай турганын,эркекпи-аялбы, баары билим алууга милдеттүү экенин да билдирген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости