www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

12-сентябрда төрагасы Айтмамат Назаров баштаган Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин мүчөлөрү (депутаттар Алмазбек Акматов, Абылкайыр Узакбаев) эки күндөн бери Бишкекте өтүп жаткан “Орто Азиядагы кооперативдерди өнүктүрүүнүн келечеги” аттуу 6-эл аралык форумдун катышуучулары менен баарлашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Комитет төрагасы Айтмамат Назаров аталган эл аралык форумдун катышуучуларына ысык саламын жолдоп, бул иш-чара Кыргыз Республикасындагы кооперативдерди өнүктүрүүгө, алардын алга жылуусуна чоң өбөлгө боло тургандыгын баса белгиледи. Ошону менен катар Айтмамат Назаров Жогорку Кеңеш жана анын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети кооперативдерди өнүктүрүүнү негизги багыттардын бири катары карай тургандыгын, бул жааттагы мыйзам долбоорлорун, ар кандай демилгелерди колдоого алаарын кошумчалады. “Кооперативдерди өнүктүрүүдө мыйзамдык базаны өркүндөтүү боюнча кызматташууга ачыкпыз. Окутуу, тажрыйба алмашуу жагынан Кыргызстан Кооперативдер союзу аркылуу иш алпаралы”,- дейт комитет төрагасы.

Азия жана тынч океан региону боюнча эл аралык кооперативдик альянстын регионалдык директору Бабасубраманиан Ийер аталган форумда Кыргыз Республикасында кооперативдерди өнүктүрүүдө укуктук жактан кандай көйгөйлөр бар экени, аларды чечүүдө кандай аракеттер көрүлүшү зарылдыгы, өндүрүш менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы байланышты жолго коюу жаатында пикир алышуулар болгондугун айтып, 5 моделдүү кооперативди аныктап, аларга колдоо көрсөтүү боюнча сөз жүргөндүгүн ортого салды. Бабасубраманиан Ийер Жогорку Кеңеш депутаттарын коомчулукка кооперативдер эмнеси менен пайдалуу экендигин жеткирүүгө жана жаштарды кооперативдерге тартууга көмөк көрсөтүүсүн өтүндү.

Иш-чарага катышып отурган Түштүк Корея Республикасынын Айыл чарба кооперативдеринин улуттук федерациясынын глобалдык кызматташуу боюнча бюросунун башкы директору Йонг Хан кооперативдерди өнүктүрүүдө укуктук база, жетиштүү каржы маанилүү жагдайлардан экенине токтолуп, Түштүк Кореяга адистерди окутууга, тажрыйба алмашууга келүүгө чакырды.

Мындан сырткары, жолугушууда Кыргыз Республикасында беш моделдүү кооперативди колдоо жана анын критерийлерин иштеп чыгуу боюнча сөз болуп, өкмөт менен парламенттин колдоосу дагы маанилүү экендиги айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости