www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомчулуктун кайсы бир бөлүгүнө береги эки аял таанымал. Өзгөчө жүрүм - турумдары менен кеп болуп келишет. Эмесе, элди эриктирбей экөөнүн жүзүнө «черткилеп» коёлу.

«Атың чыкпаса жер өрттө» дегендей, буга чейин экс - депутат Ширин Айтматова акылдан адашкандай акция жасап, Райым Матраимовдун кадыр - баркына шек келтирген сүрөт тарттырып, орунсуз сөздөрдү жаздырган болчу. Коомчулук анын мындай ыксыз жүрүшүнө итиркейи келгенин кайда жашырабыз?

Ары жагында жок болсо, айла жок экен да...

Эске салсак, Ширинканы 2010-жылы ӨмүрбекТекебаев «Ата Мекен» партиясына атасынын кадыры үчүн киргизип, депутат кылган болчу. Кийин «атамекенчилер» түңүлүшүп, кутула албай жүрүшкөнү жалган беле?

Жүрүш - турушу менен тар чөйрөнү таңгалдырганын унуттукпу?

Эми болсо Райым Матраимовго карата көрүп - көрбөй үргөн «иттердин» катары суюлуп баратканда «үн кошоюн» дегени го? Эпкиндебесең коё кал!

Дагы бир жагдайга токтололу. Аз күн мурда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун кеңешчиси Гуля Алмамбетова заарасы башына тепкендей чочуп кетип, Твиттер баракчасына Райым Матраимовду жазып, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп жибериптир. Мааниси, себеби жок эле былжыраган. Окугандар Гулянын психикалык саламаттыгынан шек санашып, баш чайкашты. Бул уятсыз мурда да депутат Махабат Мавлянованы ашатып, кайра элдешүүнү оозанганда эле түңүлгөнбүз. Бишкек мэри Суракматов дал ушундай богооз катынды кеңешчи кылып жүргөнү таңгалычтуу. Шефин да сөгүп атып мээсин айлантып койгондон сообу?

«Эшегине жараша тушагы» дейт. «Сен досуңду көрсөтчү, ким экениңди айтып берейин» дегендей, окшошконго мушташкандар үйүгүшүп алышса, анан кантип шаар көйгөйү чечилмек эле?

«Кой аксагы менен миң» дегендей, эл ичинен эси жоктордун чыкканы ушулбу? Булар мораль, этиканы уруп ойношпойт окшойт. Кайран жер кантип көтөрөт мындай эки аяктууларды?..

Булак: АЗИЯnews

 

Последние новости