www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көчө оппозициясын куп үйрөнгөн Текебаевди көчө оппозициясынын дагы бир лидери Атамбаев каматып тынган. Эми  Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү жалган экенин далилдеген жаңы жагдайлар боюнча Жогорку сот 16-июлда Текебаевдин ишин кайра карайт. Сотту утурлай саясий уюмдун өкүлү Асия Сасыкбаева партия лидерине карата чыккан чечим "Ата Мекендин" мындан аркы позициясын аныктарын айтты: "Эгер 16-июлда лидерибизге карата адилет чечим чыкпаса, анда биз оппозицияга кетебиз. Анан эмне кылабыз?"-деп жыландын тилин соймолотту.

Жогорку Сот Текебаевдин ишин биринчи жолу карап жаткан жери жок. "Адилет" укуктук клиникасынын Текебаев быйыл мартта эле жатак абакка чыгууга укуктуу болчу деген арызын сот 3-майда четке каккан. Мелис Турганбаев башында турган Жаза аткаруу кызматы Текебаев 2020-жылы февралда гана жатак абакка которуулугу укуктуу деп келет.

Жээнбековдун бийлигине карата "Ата Мекен" башынан жумшак мамиле кылып келди. Арийне, абактан бошонбой жаткан Текебаев,Чотонов отуз жылдан бери келаткан оппозицияны эске сала баштады.Эми бул жолу да Жогору Соттун чечими "Ата Мекен" лидеринин пайдасына болбой калса, партиянын багыты кайсы күчтөрдү көздөй оойт?

Учурда Кыргызстанда бийликтин башкы атаандашы- мурунку өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев болууда."Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов жакында эле Атамбаевди ультрарадикал деп атап салды.Эми “Ата-Мекен” оппозицияга өтсө, Атамбаев менен ортодо сууп калган мамилелер түзөлөбү?

Атамбаев менен 6 жыл коюн-колтук алышып иштеген соң,  "Ата Мекендин" саясий каршылыгы 2016-жылы күзүндө конституциялык реформа учурунда  курчуган. Өмүрбек Текебаев референдумга чейин Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы экенин айтып, "бийликти узурпациялоо аракетин токтотууну өз милдети" - деп билерин жарыялаган."Ата Мекен" бийликке күчтүү оппозиция болуп, аягы Текебаевдин кармап-камалышы менен аяктаган.

 Кийинки жылы өтө турган парламенттик шайлоого карата коюлган тогуз пайыздык босого чек турганда Жогорку Кеңешке күчтүү оппозиция келбейт. Мындай шартта көчө оппозициясы активдешет. Эгер Жогорку сот Текебаевди чыгарбаса көчө оппозициясынын лидерлери Текебаев менен Атамбаев биригеби же?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости