www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тарых музейинин тагдырына кыйын болду

Кызык суроо бекен?

Чынында эле борбордун чок ортосундагы тарых музейинин “бактысы” качан ачыларын билбей баштары маң болуп турган чоңдордун өзүлөрүндө мандем бар. Эл аралык деңгээлде реконструкцияланган, заманбап өңгө келген, мурдагы ажо тарабынан табылган каражаттын амири менен шөкөттөлгөн бул музейди эмнеге ачпай кармап турушат?

Бул чоң суроо жаратты.

Ал эми буга шектелген Сапар Исаков менен мурдагы ак үйдүн кызматкери Мира Карыбаеваны болсо айып тагуучулардын “сүртүмдөрү” ынандырбаганы эмнени каңкуулайт?

Тергөөнү жүргүзгөндөрдүн үстүртөн жасаган мамилесине, күчкө салынып сыпатталган кылмышка макул болбогондугу көп нерседен кабар бергендей. Мунун артында өлкөдөгү абдан үлкөн башчылар турарын деле сотто Исаков түз билдирди. Ушунун айынан элдин үмүтү үзүлүп бараткандай. Анткени алда качан реконструкциясы аягына чыккан тарых музейдин соту бүтпөй улана берсе коомчулук кантет?

Эмнеси болсо да “шектүү ишти” кыраатына келтирүүгө убакыт келди. Жок дегенде эгемендик майрамдын алдында музейди ачса жакшы болмок.

Булак: Ачык сөз

 

Последние новости