www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Нукура каада салтты улай , кызды каадасы менен , чачын сары май менен майлап , каалоо тилек айтып, чачын өрүп , кулагына сөйкө тагып турмушка узатууда съемка учурунда Гулбу эжемдин каада салтты ийне жибине чейин билиши айкын көрүнүп турду. Алтыным эжем кеп — кеңешин берип

«Ширинка мындай кылсаң соонун болот, туура болот, ата бабаларыбыз ушинтип колдонуп келген да», — деп насаатын айтып турду. Көп жашаган эмес , көптү көргөн , билимдин артынан түшкөн , даагы , даагы көптү билишим керек деп билгичтикке умтулган Гүлбү эжем биз билбеген көп нерсени билчү. Улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй мамиле кылаар эле асыл жан.

«Ширин эртерээк мени тартып жөнөт ээ. Ден — соолугум анча эмес «- деди эжем. — Ооба эже бир , эки саатта тартып бүтөбүз сизди эрте жонотконго аракет кылалы» — деп , анан клипмейкерге айттым «эжени жөнөтөлү батыраак»,- деп. Кайдаан, клип тартыш азап да. Саат эртен мененки 9дан түнкү 11ге чейин созулду .

Баардык артисттер эрте-эрте кетип , менин көңүлүм чөгүп баштаганын байкаган кыраакы эжем , «Ширинка мен аягына чейин туруп берем , шашпай тарта бер капаланба»,- деп ооруп атканына карабай менин көңүлүмдү жайгарып, оорусун бир билгизген жок( ашказаным ооруп атат деп жаткан ) . Ошондо Гүлбү эженин кандай гана асыл адамдыгын , кеменгерлигин терең түшүндүм.

Съемка учурунда «Ширин чарчап, азыр ойлонуп атасың, иш кандай болот?- деп келегой отур өз колум менен самоордон чай куйуп берейин»- деп ысык чайын куйуп берди . Ыраазымын сизге Гулбу эже  Бирок, сиздин бизден эрте кетээриңизди билсем ошол чайды сизге мен өз колум менен куйуп бермекмин мынча эрте кетээриңизди билгенимде, кап, башкача болбойт беле ыраазычылыгымды билгизе албай калдым…. даагы алдыда далай күн бар жакын арада эжени чайга чакыралы сүйлөшүп , сырдашып отуралы деген тилектеримди таш капты .

Сулуулук , кеменгерлик, илим-билим, акыл — ой, талант, актердук чеберчилик , даанышмандык сыйчылдык , назиктик , аялзатка тийешелүү сапаттын баары Гүлбү эжеме кудайдан ченебей берилген  Аялзат кандай касиетке ээ болушу керек экендигин, бул дүйнөгө бат эле келип бат эле учуп кеткен эске салып туруучу периште ак-куу Гүлбү эжебизден көрсөк , тапсак , үлгү алсак болот , даагы да көп нерсени үйрөнүп билет элек аттигиниң арманда кетти бир ак-куу… сиз биздин эсибизде өлбөс өчпөс болуп , дайым сакталасыз эжеке»

Ширин Сарыгулова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости