www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Уурдалган унааны "мыйзамдаштыруу" боюнча 38 факты катталган. 19 адамга кымыш иши козголду
Россияда бул өлкөнүн жарандары менен биргеликте унаа урдоо менен Кыргызстанда туулуп-өскөн адамдар алектенип жүргөн. Бул тууралуу КР ИИМинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Бирдирмеге караганда, алар алгач унааны уурдап туруп, кийин ЕАЭБдин аймагында мыйзамдаштыруу үчүн жасалма документ даярдашчу. Машиналарды Россиядан Казакстанга алып өтүп, жергиликтүү кылмышкерлердин коштоосунда Кыргызстанга киргизишчү.
Кийин унааларды Тажистандын чек арасына жеткирип, ал жерден кыргызстандыктардан турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү күтүп алчу. Алар унааны баңгизатка алмаштырып, жаңы товарын Россияга сатууга жөнөтүшчү.
Маалыматта айтылгандай, бул кылмышка ЕАЭБ курамына кирген бардык өлкөлөрдүн укук корго органдарынын жана каттоо кызматтарынын өкүлдөрүнүн тиешеси бар.
Уурдалган унааны "мыйзамдаштыруу" боюнча 38 факты катталган. 19 адамга кымыш иши козголду. Алардын 11и камакка алынып, дагы үч адамга издөө жарыяланды.
Булак: NazarNews.kg