www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Шүкүрбек байке, эски жылды жыйынтыктап, жаңы жылды тосуу алдында турабыз. Быйыл элдин турмушу жакшы жагына өзгөрдүбү? Бийликтин бул жылдагы жасаган иштери көөнүңүзгө толдубу?

-- Негизинен 2022-жылы мамлекетибизде кубанткан окуялар көп болду. Эң башкысы, Өзбекстан менен чек арабыз тынчтык жолу менен чечилгени, айлыктар, пенсия-пособиянын көтөрүлүшү, аскер техникаларынын алынып келиниши менен чек аранын бекемделиши, айыл жергесинин инфраструктурасын жакшыртуу максатында жолдордун салынышы, социалдык обьектилердин курулушу, ири Камбар-Ата ГЭСинин курулуп башташы, 50гө жакын чакан ГЭСтердин курулуп жатышы мени эле эмес, Кыргызстан деген мекендештеримди кубантты десем жаңылышпайм.

Андан да кымбаты, Баткен окуясын кошпогондо, өлкөбүздө стабилдүүлүк болду, бийликке элибиздин ишеничи кайра жарала баштады, Кыргызстаныбыздын келечегине ишенүү пайда болду.

Экинчиден, элибиздин жашоо шарты толук өзгөрбөсө да, өзгөрүүнү көрүп жатабыз. Талкаланып, тонолгон мамлекетибизди, кыйналган элибиздин турмуш тиричилигин оңдоп- түзөп, эки жылда жакшыртып жиберүү мүмкүн эмес. Бирок келечекте толук өзгөрүшүнө көздөрү жетип калышты деп эсептейм.

Үчүнчүдөн, бийлик башындагы президентибиз Садыр Нургожоевич баш болгон Министрлер кабинети анча-мынчасын айтпаганда, көпчүлүгү өлкөбүздүн келечеги үчүн түн уйкусун бөлүп, жеке жашоосун унутушуп иштеп жатышканын көрүп жүрөбүз. Эгер 100 баллдык баа көё турган болсок, 100 баллды бермекмин.

--2023 – жылдан өлкө үчүн эмнени күтөсүз?

-- 2023-жыл боюнча менин божомолум жакшы эле... Келе жаткан жаңы жылда саясий жактан анча-мынча жеке кызыкчылыгын ойлогон оппозиция тараптан нааразычылыктар болушу мүмкүн, бирок чыңалуу болбойт. Социалдык жакты толук чечпесе да бир топ жакшырат. Буюрса, көптөгөн жакшы окуяларга күбө болобуз. Эки жылдан бери курулуп жаткан ишканалардын алды ишке киришип, түшүмүн берип баштайт. 2023-жылы кой үстүндө торгой жумурткалабаса да, экономикалык секирик болот деп толук ишенем.

Булак: Саясат.kg

Последние новости