www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 14-октябрда Россияда коронавирустан 286 адам каза болду. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Бул тууралуу инфекцияга каршы күрөшүү боюнча оперативдүү штабдын маалыматтарынын негизинде маалымдалды.

Мурунку максимум 13-октябрда катталган. Ал күнү коронавирустун курмандыктарынын саны 244 болду. Штабдын маалыматы боюнча, өлкөдө коронавируска байланыштуу жалпы 23 491 өлүм катталды. Инфекциядан шарттуу өлүмдүн деңгээли 1,73 пайыз деңгээлинде калууда.

14-октябрда 8 392 орусиялыктар коронавирустан айыгышты. Кечээки күнгө карата жалпысынан 1 миллион 48 миң 97 адам ооруну жеңип чыгышты. Ошого карабастан, оорулардын көрсөткүчү 77,4 пайыз бойдон калууда. Дүйнө жүзү боюнча коронавируска чалдыккан 38 миллиондон ашуун адам бар. 1 миллиондон ашуун адам коронавирустун курмандыгы болду.

Рушана Султонова, Ташкент 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости